Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тоюбузду болтурбай, жигитим кош бойлуу кезимде таштап кетти”

“Тоюбузду болтурбай, жигитим кош бойлуу кезимде таштап кетти”

28-январь, 12:45
1 567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курман экөөбүз көпкө сүйлөшүп жүрдүк. Ал сүйүүсүн арнады. Мен үчүн баарына даяр экенин билдирди. Акырындап мен да ага көнө баштадым. Ансыз жашоо супсак боло баштады. Арадан эки жыл өттү. Ал аралыкта экөөбүз баардык сырыбызды, үй-бүлөлөрүбүз тууралуу маалыматты кенен билип бүттүк. 

Акыры Курман колумду сурады. Күз айларында баш кошуп, чоң той бермек болдук. Ал арада Курмандын туулган күнү келаткан. 25 жаш – болуп-толуп турган, гүлдөп турган керемет курак эмеспи. Бул датаны жакшылап белгилөөнү ойлондук. Жакшы көргөн досторубузду чакырып, туулган күндү ойдогудай, эң сонун белгиледик. Досторубз тарагандан кийин Курман экөөбүз бирге таң атырдык. Той болор күнүбүз белгиленип калгандан кийин ага толугу менен күйөөмдөй эле ишенип калгам. Келечекти кыялданып, ээрчитип алган балдарымды элестетип, өзүмчө эле бактылуу болуп жүрдүм. Экөөбүздүн тең ата-энебиз айылда. Бизди көзөмөлдөгөн деле жан жок. Экөөбүз бир батирде чогуу жашап алдык. Мезгил күзгө жакындап келет. Арадан эки айга жакын убакыт өттү. Бирок, акыркы күндөрү Курман өзгөрө баштады. Жашырынып телефон менен сүйлөшөт. Дайынсыз жок болуп кетет. Айтор, жүрөгүм түпөйүл болуп жүрдү. Бир күнү “иштерим чыгып жатат, айылга барып келейин” деп жөнөп кетти. Баргандан соң эле телефону өчүрүлүп, экөөбүздүн байланышыбыз үзүлүп калды. Бир жума зарыгып күттүм. Ашып кетсе бир жумада келип калмак. Бирок, таптакыр дайынсыз. Арадан эки жума өткөндө, жагымсыз бир нерсе болгонун жүрөгүм сезе баштады. Курманды издеп, тааныштарга чала баштадым. Баары эле менден өздөрүн ала качат. Алардын арасында да чындыкты, ачуу чындыкты айткандары бар экен. Курмандын жакшы досторунун бири Нурлан ачуу чындыкты айтты:

-- Анара, Курман үчүн кечирим сурайм. Курман айылга үйлөнүү үчүн кеткен. Ата-энеси деле кыйнаган жок. Бул Курмандын өз каалоосу эле болду окшойт. Ата-энеси тапкан, он гүлүнүн бири ачыла элек, мектепти быйыл эле аяктаган жапжаш кызга үйлөнүп алды. Менин “болгон жагдайды өз оозуң менен Анарага түшүндүр” деген сөзүмдү уккусу да келген жок. Курманың азыр жаңы үй-бүлөсү менен шаарга келди. Бактылуу жашап жатат. Бекем бол, Анара! Сен жакшы адамсың. Сөзсүз жакшы адамга жолугасың...

Нурландан ушул сөздү эшиттим. Эки-үч күндөй наар албай “сулк” жаттым. Акыры абалымды ата-энеме түшүндүрдүм. Той болбой калганын айттым. Ушунча бирге жүрүп, Курмандын мындай арам ою бар экенин кайдан билипмин? 

Эркектерди жек көрүп калдым. Бир нерсени түшүндүм: ишенчээктик адамдын алсыз сезими экен. Сенин ишенчээктигиңди байкагандар дароо ал сезимиңди тебелеп-тепсеп пайдаланышат тура. Ошондуктан курбуларым, сиңдилерим, ишенчээк болбогула. Эч кимге ишенбегиле. Өз көлөкөңөр да алдап кетиши мүмкүн. Күчтүү болгула. Баардык кыйынчылыкты жеңе билгиле, мага окшоп алданбагыла.

Анара АКИМ кызы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер