Күйөөм “сени албасам өлүп алам” деп коркутуп жүрүп алган, эми...
Турмушка чыккам. Күйөөм экөөбүздүкү тең экинчи турмушубуз. Артымдан бир жыл чуркап, көз жашын көлдөтүп атып араң жеткен мага. Башында көңүлүм жок, “кандай жашоо болот?” деп атып тийгем. Күйөөмдүн эч кимиси жок, ата-энеси каза болуп калган, бир туугандары менен мамиле анча эмес. Мындайча айтканда, ага жашоо баары бир, өзү үчүн жашайт. Менин ата-энем, бир туугандарым бар, биринчи турмушумдан бир балам бар, аны ата-энем карайт. Күйөөм “сени албасам өлүп алам” деп коркутуп жүрүп алган.
Нике окулгандан кийин жолдошума катуу байландым. Тийгенден бери көп уруштук, кол да көтөргөнгө жетти. Көзүнө карап унчуга албайм. Э-эх, канчалаган жигитти чуркатып жүрүп тийген эрим ушундай болсо, тийгениңе өкүнөт экенсиң... Кебетеси бир укмуш деле эмес, тууган-уругум, дос-тааныштарым “ушуга кантип тийип алгансың? Өзүңдү каяктагы бирөөгө кор кылып салдың. Кандай кыз элең! Күйөөгө тийгенден бери жүзүңдөн күлкү кетип калды” дешет. Чыдап жашасамбы, же өзүмдү кыйнабай бербей жыйнаштырсамбы?..