Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен неге шаштым экен?

Мен неге шаштым экен?

12-март, 19:15
924 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсил кайран агам Жоомарт Чоробаев тирүү болгондо ушул 2025-жылы 80 жашка толуп, бакубат карылыгын өткөрүп, адатынча барпаңдап азил-чыны аралаш куйкум сөздөрүн айтып, үйүнөн мейман үзүлбөй, бала-чакасы менен болбойт беле...

Ушул эскерүүмдү жазып жатып, өткөн күндөргө назар салдым. Кыска өмүрүндө бир туугандарына атадай мамиле кылып, керек учурда жашообузга чейин аралашты. Биз он бир тууган элек. Көп кыздан кийин ушул агам төрөлүп, атам Абдыкалык Чоробаев – жазуучу акын, фольклор жыйноочу, этнограф, айтылуу демократ акын Тоголок Молдонун мамлекет тарабынан дайындалган катчысы уулдуу болгонун өз чыгармасында чагылдырган экен.

Ошол кезде жазгы жышаан убакта,

Сен төрөлдүң кымкарланган бубакта.

Ыйлаганын баркыраса бой эргип, 

Сүйүнчүлөө жакшы угулду кулакка.

Март жаңырып, күн жылыйт деп кечинде, 

Бир топ адам сөз кылганбыз, эсимде.

Күн да жылып, мен да жылып ат койдум, 

Аман-эсен жүргүн элдин ичинде.

Жетекчиси, сыймыгы бол жергеңдин.

Улгайганда сени көрдүм бу күндө

Уктай албай туруп жүрдүм түнүндө.

Ата даңкын, эне сүтүн актай көр

Эл менен жер дайым турсун дилиңде.

1945-жыл.

Ал атасынын тилегениндей уул болгон. Атабыз балдарын урушуп, какыс-кукус кылчу эмес. Болгону чепкенинин жеңин узун чоюп алып, бир-эки жолу далыга чаап койчу. Биз байкебизден жазганчубуз. Апамдын "байкеңерге айтайын" деп койгон бир ооз сөзү эле жетиштүү болчу. Сестенүүбүз агага карата сый-урмат экен көрсө. Баарыбыз жогорку билим алдык. Өзү жаш туруп жогорку тепкичтеги жетекчилер менен мамиле түзүп, айрымдары менен үймө-үй катышканы ойго түшөт. “Айта берсе арман көп” дегендей, агамдын бейкүнөө өлүмү биз үчүн арман, орду толгус жоготуу, жүрөктөн кеткис так болуп келет...

Ошол 1985-жылдын 28-апрелинде күлгүндөй жаш курагында 1-мартта 40 жашка эми толгон кайран жигитти бир мас айдоочу коюп кетип, автокырсыкка кабылды. Ошентип залкар адам набыт кетти. Бут серппей, каш какпай, суналып боюн түзөп жатты кайран сулуу жигит...

Ак-талаа районунун Тоголок Молдо (Мурда Кызыл-Эмгек) айылынан башталгыч классты окуп келип, Нарын шаарына көчүп келгенибизге байланыштуу Нарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти аяктап, 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 1968-жылы Фрунзедеги "Кыргызстан маданияты" гезитинде эмгек жолун баштаган. 1970-жылы Нарын радио уктуруу комитетине башчы болуп дайындалып, өмүрүнүн он бир жылын ошол мекемеге арнаган. Жаш жетекчиге (26 жашта) болгон ишенимди, жоопкерчиликти актоо үчүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн, ден соолугун, адамдык асыл дараметин жумшаган эле.

Жаңыдан уюшулган радио берүүлөрдө баардыгын нөлдөн баштап, бир буту борбордо, бир буту Нарында. Такай көлөмдүү конверттерди көтөрүп, Фрунзеге кете турган унааларды, адамдарды иликтеп, Нарындын автобекетинде жүрөр эле. Ал эфирге өз убагында кечиктирилбей кете турган материалдар болгон. Уюштуруучулук жөндөмү өтө жогору, керек кезде кабарчыларды, дикторлорду, үн жазгычтарды ж.б. топтоп, алардын иштөөсүнө шарт түзүп, тагылган милдетин так аткарчу.

Ошол жылдары Ак-Сай, Арпа, Соң-Көл ж.б. жерлерде жайлоо, кыштоону кыдырып, эмгектин алдыңкыларын, күжүрмөн карапайым колхозчулардын каарман эмгегин, турмушун чагылдырган нечендеген берүүлөрдү элге жеткирип келди.

Айтылуу акын-жазуучулар, гезитчилер, дегеле чыгармачыл адамдар менен бирге болгон. Барктабас Абакиров, Акжолтой Текинаев, Чоюн Өмүралиев, Садыр Сарыгулов, Асек Эсенканов, Муса Алыбаев, Эсенгелди Абдыкадыров ж.б. толуп жаткан өз кезегинин чыгаандарына үзөңгүлөш жүрдү.

Анда мен облустук "Нарын Правдасы" гезитинин редакциясында иштеп, көпчүлүк убакта редакция менен радионун материалдарын чогуу алып кетип жүрдүм. Жоомарт агам жолдоштору же жээк-жааттарыбы, алар менен бирге болгон учурунда күлкү-шаңга бөлөнүп, каткырып калышчу эле. “Эмнелерди айтып күлүп атышат?” деп кулак төшөчүмүн. Эмнегедир түшкү тыныгуу учурунда баарыбыз эле үйдөн чай ичип келме адатыбыз бар эмеспи. Ошол бир сааттык тыныгуу учурунда кээде жолго чыгып, сапарлаш да болуп калар элек. Жолдун аркы бетинде таанышы көрүнсө, шарт бурулуп, бат эле жетип барып кол алышып эле күлүп калышчу... Агамдын ар бир кыймылы, басыгы ыраактан эле таанылчу. Ал узун бойлуу, кийген кийими өзүнө бап келип, сулууча өңүнө жарашып турчу. Мен аны топ элдин арасынан бат эле таанычумун. Өлгөндөн кийин да ошол жолдон агам чыкчудай үмүт үзбөй, көпкө чейин караанын издеп, ыйлап, жоктоп жүрдүм. Кайран ошол асыл күндөр!

 Аз жашаган өмүрүндө саз чыгармаларды жаратып кетти. "Тоодогу өмүрлөр", "Жашыл поезд", "Мончок", "Жарадар жүрөк" (каза болгондон кийин), "Мен неге шаштым экен?" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары жарык көргөн.

Жалган жалаага кабылып, "тоголок" арызчылардын кесепетинен партиядан алынып (кимдир бирөөлөрдү орду кызыктырып), ээлеген кызматын да өткөрүп берип, ооруга (инсульт алган) чалдыгып, тирүүлүктүн азап күндөрүн өткөрүп да калды. Бир жак ныптасы кыймылга келе албай, жатып алып ырларынан ызасын чыгарып, баардык букту ичине батырды.

***

Күттүрдүң, сагындырдың жыл айланып, 

“Жарк” этип келчи мага бир айланып, 

Кайдасың ден соолуктун мол булагы,

Туна албай агып жатам ылайланып.


Элесиң шоолаланат бүлбүлдөнүп,

Мойнумдан кучактачы бир күн келип.

Таптаза агымына бой таштайын,

Көңүлүм жаткан кезде киргилденип.


Оо менин жыты аңкыган сулуу айым,

Эркелеп кучагыңа асылайын.

“Жарк” этип төкчү жарык нурларыңды,

Кайрадан бүчүр жарып ачылайын.

Ошентип, ден соолугу менен алектенген армандуу эки жылды да башынан өткөрдү. Көзү өтөрүн билди. Түшүндө аян берген. “Мен неге шаштым экен?” деп жазыптыр каза болордон бир аз күн мурун.


Мен неге шаштым экен?

Башаламан,

Биз катуу жарадарбыз.

Заматта колубуздан кетип бакты,

Кан жолдо...

Кыйма чийме токтобостон,

Зымырап машиналар өтүп жатты.

Баш бербеген тездиктен көңүл калып,

Баш бербеген тездиктен уйпаланып.

Үзүлүп...

Максат жиби жапа чегип

Жүрөгүм бара жатат куйкаланып.

Мен неге шаштым экен?..

Агам жөнүндө эскерүүнүн учугу эң эле узун, айта турган дагы канчалаган сөзүм, арноом, жоктоом толтура. Артында тукум улай турган төрт баласы, неберелери, жеңебиз бар. Баарыбыз орду толгус жоготууга, тагдырдын салганына баш ийип, куранга каниет кылгандан башка арга барбы?!

80 жылдыгына арналып, "Мен неге шаштым экен?" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көрдү. Жоомарт Чоробаевдин үй-бүлөсү, бир туугандары үчүн бул китеп эч нерсеге алмашкыс түбөлүк эстелик катары сакталып калмакчы.


Акын жаны түбөлүк

Сөз берметин өмүр бою кынаптап,

Көөдөнүнө асылдарын батырган.

Өмүрдүн бир ырахаттуу дүйнөсү,

Адамзаты ажырабайт акындан,


Жер жазданып жатса дагы денеси,

Турпат сөөгү топуракка төшөлүп.

Өчпөй турат ал акындык махабат,

Калса дагы жүрөк сокпой, өзү өлүп.


Жер жүзүндө жашап жаткан адамдар.

Улуу сөзүн урматташат байыр алып,

Акын өлүп, анын жаны түбөлүк

Учуп кеткен учкул ырга айланып...


Жоомарт Чоробаев  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер