Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Садыр Жапаровду колдогондор чагымчылык кылышмак эмес”

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Садыр Жапаровду колдогондор чагымчылык кылышмак эмес”

06-март, 16:53
561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   -- Алмазбек Сатиевич, дүйшөмбү күнү борбордук аянтта өткөн митинг сизге кандай таасир калтырды?

-- Ички иштер министрлиги “миңге жакын киши катышты” деп атат. Мен ойлойм, ошонун ичинен ашып барса үч жүзү чындап Садыр Жапаровго күйгөн кишилер келди. Ал эми калгандары... Алардын ичинде тамаша көргөнү келгендери бар, жөн гана өтүп бараткандары бар. Чагымчылдар, бирдеке башталып кетсе пайдаланып калайын дегендер да катышты го. Акүйдүн дарбазасына чейин келип, Жогорку Кеңештин катардагы кызматкерлерине кол салышкан аялдар ошол бирөөлөрдүн каражатын алган провокаторлордун тобунан болсо керек. Себеби, ошол эле аялдардын айрымдары кийин Атамбаевдин сотунда жүрүшөт. Бул эмнени далилдейт? Бул акча үчүн кайсы жакка тартса барып, ар кимди жакалап, өзүн көрсөткөн провокациялык топтор бар экенин көрсөтөт. 

-- Мындай топторго карата кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Азыр аларга жоруктар тууралуу кодекстин негизинде айып коюлуп жатат. Айып пул салынабы, же административдик чара көрүлөбү, билбейт экенмин. Бирок, менин оюмча, катуу чаралар көрүлүүгө тийиш. “Садыр Жапаровду коргойбуз” деген адамдар андай чагымчылык кылышпайт. Булар, тескерисинче, орустар айткандай, ага “медвежья услуга” көрсөтүп коюшту. 

-- Коронавирус боюнча Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа бересиз?

-- Мен бир ай мурда “кооптонууга негиз жок” деп айттым эле. Андан бери кырдаал өзгөрүп кетти. Азыр бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да абал кооптуу экенине баа берип жатат. Албетте, паника кылбаш керек, бирок, өкмөт алдын алуу чараларын көрүүгө тийиш. Эпидемия өзгөчө тараган өлкөлөрдүн жарандарын бизге киргизбей туруу керек. Эгер бизге да тарап кете турган болсо, аны менен натыйжалуу күрөшүүгө өкмөтүбүздүн алы жетпей калышы мүмкүн. Экономикага да зыян келтирип коёт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер