Өмүрдүн акыркы күнүн кандай тосуп алабыз?


Биз – адамдар, алгач көбүрөөк акча табыш үчүн болгон саламаттыгыбызды сарптап, анан ошол акчаны кайра эле ден соолугубуз үчүн жумшайт экенбиз... Ошол эле учурда келечегибизге ушунчалык тынчсызданабыз. Ушунчалыгы ушу, учурдагы жашообузга эч бир алымсынып койбойбуз десең... Эң кызыгы, эч качан өлбөчүдөй жашап, а өлүп баратканда үшкүрүнөбүз. “Кап ай, өмүрүм текке кетти” деп өрөпкүп, өкүнгөнүбүздү айт! Биз ар кимибиз өсөбүз, карыйбыз – бул табигый көрүнүш.
Убакыт учкан куштай сызып, эч качан токтобойт. Анын арышын кыскартып, токтотуу эч кимдин колунан келбейт, күчү да жетпейт. Аттиң! А бирок, акыл калчап, убакытты аздектеп пайдаланып калуу – албетте, ар бирибиздин өз колубузда. Эгерде ар бир күндү барктап, акылдуулук менен пайдалансак, балким, акыркы күн келгенде аны армансыз, эч өкүнбөй тосор белек?
Нура
"Азия Ньюс" гезити











