Эркин Сейдеев: “Эт комбинаты калдыксыз жана экологиялык жактан таза иштөөгө басым жасайт”

“Дордой–Балыкчы” ишканасынын курулуш иштери боюнча жетекчиси менен маек.
-- Балыкчы эт комбинатынын башталышына токтолуп жана анын ачылышы кайсы убакка пландалганын айтсаңыз?
-- “Дордой–Балыкчы” эт комбинаты Аскар Салымбеков тарабынан 2018-жылдын 23-ноябрында ишке берилген. Бул долбоорду биз 1,5 жыл ичинде ишке ашырабыз деп пландаганбыз. Тилекке каршы, дүйнө жүзүн каптаган коронавирус бизге дагы өз кесепетин тийгизди. Башкача айтканда, курулуп жаткан эт комбинатынын керектүү жабдууларынын баары Италиядан келмек. Биз иштешип жаткан фирма, дегеле бардык жолдор жабылып калганынан, иштер убактылуу токтоп турду.
Учурда тийешелүү жабдыктардын 70 пайызы келди. Эми акыркылары келсе эле, аларды чогултуп, комбинатты ишке киргизебиз. Буюрса май-июнь айларында ишибизди баштайбыз деген үмүттөбүз.
-- Долбоордун алкагында кандай иштер каралган?
-- Бул долбоордун баасы башында 5,3 млн. долларга эсептелген. Кийин колбаса цехтерин ачуу жагы кошулуп, 8 млн. долларга чыкты.
Комбинатта 100 баш бодо мал, 300 баш майда мал союу каралган. Комбинат эт өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иштерин толук камтыган.
Заводдун ачылышы менен Балыкчы шаарынын тургундары үчүн 100 жаңы иш орундары пайда болот. Мындан сырткары, өндүрүштүн көлөмү көбөйүп, мал баккандардын кирешеси жогорулайт. Ошондой эле эмгек миграциясын азайтуу жана аларды комплекстүү чечүү тарабы каралган жана шаар бюджетине ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү түшүп турмакчы.
-- Эт комбинаты чыгарган продукциялар кайсы жакка багытталган?
-- Заводдон чыккан азыктар менен ириде ички рынок камсыздалып, кийин сыртка чыгат. Аларды иштететүү сапаттын жана азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайыкталган. Ошондой эле ISO 22000 жана HALAL сертификаттарын алуу планда бар.
-- Иштетилгенден кийинки калдыктарчы?
-- Негизи бул жерде калдыксыз жана экологиялык жактан таза иштөөгө басым жасалат. Чыккан малдын сөөктөрүнөн ун чыгарылып, алар удобрениеге кошулат. Союлган малдын кандарынан балыктарга азыктарды жасоону карап жатабыз. Терилери атайын станоктордун жардамы менен бузулбай, таза сыйрылып, кайра иштетүүгө өткөрүлөт. Ал эми комбинаттын тегерегине мөмөлүү дарактар тигилип, таза жана жашыл чөйрөдө иштөөгө багытталды.
Комбинатта иштетүүчү сууну чыгаруу үчүн анын тазалыгына басым жасап, 120 метр тереңдикте казылды. Кошумча атайын суу фильтрлери коюлду.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити