Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Качан өнүгөрүбүз белгисиз. Бийликте эч кандай план жок”

Бакыт Дегенбаев: “Качан өнүгөрүбүз белгисиз. Бийликте эч кандай план жок”

12-март, 21:12
1 801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- Экономикалык чыныгы абалыбыз кандай? Инвестиция салууга кызыкдар чет өлкөлүктөр чыгып жатабы?

-- Кыргызстанда ушул күндөрү экономикалык абал өтө оор десек болот. Ишкерлик чөйрөдө маанай ортодон төмөн. Өткөн жылдан бери пандемия болуп, шайлоо өтүп, бийлик алмашып, шайлоо иштери дагы деле уланып келет. Чек араларыбыз жакшы иштей албай турат. Чет мамлекеттер менен да байланышыбыз өтө жакшы эмес. Учактар учуп келбей, келген товарлар жокко эсе. “Инвестиция кылабызбы-кылбайбызбы? Эртең эмне болот? Бир айдан кийин, бир жылдан кийин эмне болот? Өзүн-өзү актайбы? Банкрот болуп калбайбызбы? Кылган инвестициябызды жоготуп албайбызбы?” деп арсар болуп турган мезгил. Былтыр экономикабыз 10%га чейин төмөндөп кетти. Бул өтө жаман көрүнүш. КМШ өлкөлөрү боюнча эң артта калган өлкөгө айландык. 

Азыр президент, премьер-министр ишкерлик чөйрөсү менен жолукканга аракет кылып жатат. Бирок так, кыска-нуска программаны мен көрбөй жатам. План жазышат, бирок ич жылытарылык эмес... Качан өнүгөбүз? Ага эч кандай план, мөөнөт жок. Кандай чаралар көрүлөөрү күмөн. Кымбатчылык күч алып, кризис күчөп турган чак. Бүгүн эле статистикада чыгып жатат, тамак-аш боюнча да өзүбүздү камсыз кыла албай турабыз.

Ошон үчүн президент, премьер-министр, өкмөт ийгиликтүү болобуз десе, тез арада чукул чараларды көрүүлөрү зарыл. Ал чаралар дагы популярдуу эмес болушу мүмкүн. Айтор, эл да кыйналып турат. Мал саталы десе, чек аралар жабык. Сырттан товар алып келели десе, ага ыңгайлуулук жок. Контрабанда күч алууда. Бүгүнкү күнгө өлкөнү өнүктүрүү үчүн тез арада мыкты план керек!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер