Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын тышкы карызынын төлөө мөөнөтү узартылабы?

Кыргызстандын тышкы карызынын төлөө мөөнөтү узартылабы?

29-апрель, 15:38
429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын Экспорт-импорттук банкы Кыргызстандын эң ири кредитору. Карызыбыздын 45 пайызы, тагыраагы, 1,8 миллиард доллары дал ушул уюмга туура келет.

Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчүн донорлор түшүнүү менен кабыл алган. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Ага журналисттер "Кыргызстан карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берүү сунушун Кытай жана башка кредиторлор кандай кабыл алды?" деген суроо менен кайрылышкан.


"Кредиторлор түшүнүү менен мамиле кылууда. Өткөн аптада президент Кытай Эл Республикасынын лидери менен Экспорт-импорттук (“Эксимбанк”) банкынын алдындагы карыздын мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Билишимче, алар биз күткөндөй жооп берип, “Эксимбанктын” өкүлдөрү биздин адистер менен байланышка чыкты. Учурда иш башталды”, - деди Асрандиев.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер