Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арсланбек Кененбаев: “Банктарда алмаштыруу операцияларынан түшкөн пайда көп болууда”

Арсланбек Кененбаев: “Банктарда алмаштыруу операцияларынан түшкөн пайда көп болууда”

26-декабрь, 09:00
467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанда жыл башынан бери доллардын курсу менен валюта базарындагы абал башкы темалардын бирине, ишкерлер үчүн көйгөйгө айланды?

 -- Биз талдап көрдүк. Банктардын насыядан тапкан пайыздык кирешеси тогуз айда 26%га өстү, жалпы пайдасы 5,5 эсеге көбөйдү. Анткени, азыр валютадан тапкан киреше көп. Мындан тышкары, операциялык киреше да көп болууда. Анткени, Россияга абдан көп акча кетип, анан алмаштыруу операцияларынан түшкөн пайда көп. Ошондуктан, биз азыр банктар валюталык операциядан көп акча таап жатышканын көрүп атабыз. Алмаштыруу бюролорунун масштабын болсо такыр билбейбиз. Алар абдан чоң акча таап атышат, бирок эч ким билбейт канча экенин. Анткени, алар көбүнчө көмүскө жол менен иштешүүдө. Мамлекеттик жөнгө салуу туура эмес болсо, анда көмүскө базар болот. Азыр болсо Улуттук банк алмаштыруу бюролорун катуу кармап, аларга «баланча курсту кармайсыңар» деп айтат. Ошондуктан, ушундай болуууда. А бул жакта административдик жөнгө салуу эмес, рыноктук жөнгө салууну кошуш керек. Учурда акча базары чакан, жыйырма эле банк иштейт. Керек болсо алмаштыруу бюролору, экспортер-импортерлор банк аркылуу иштеп атышат. Ошондуктан, азыр банктар бүт пайданы көрүп атат десек болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер