Акыркы кабарлар
» Экономика » Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 3,7 миллиард сомду түздү
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 3,7 миллиард сомду түздү
17-ноябрь, 11:35
2 569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Каржы министрлигинин борбордук казынасынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында мамлекеттик бюджет 3 миллиард 7 миллион сом профицит менен аткарылды. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди.
Алардын билдирүүсүндө, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 145 миллиард сомдон ашык сумманы түздү, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 43 миллиардга көп, ал эми мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы 15,6 миллиард сом өлчөмүндө катталган. «Ошол эле учурда салыктык түшүүлөр 107 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 34 млрд. сомго көп. Ал эми салыктык эмес кирешелер 32 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 10 миллиардга көп” деп билдирет улуттук статистикалык комитет.