Дүйшөнбек Камчыбеков: «Бюджетке акча төгүлбөй, айлык маяна берилбей калуу коркунучу бар»
Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору менен маек.
-- Кара-Балтадагы алтынды аффинаждоочу заводдун сертификатын калыбына келтирүү жолдору барбы?
-- Сертификатты кайра алыш үчүн ЛБМА деген ассоциациянын алдындагы аудитордук компания келип, бизди текшерүүгө алыш керек. Эгерде текшерүүдө заводдогу алдамчылык болгону, тагыраагы, 29 миллион долларды келишим менен иштешип келген компанияга эмес, башка ишканага төлөө аракеттери аныкталса, аны уюштурган адамдардын кесепетинен дүйнөлүк коомчулукта уят болобуз. Кумтөр маселеси боюнча бүгүнкү аракеттерде логика жок болуп жатат. Мен деле кыргыз элинин душманы эмесмин, «Кумтөр эл үчүн иштесе аябай жакшы болот» деген пикирдемин. Бирок, биздин Кара-Балтадагы аффинаждоо заводубуз «Good delivery» деген сертификаттан убактылуу айрылды. Минтип отурсак аффинаждоо ишканасын банкротко алып келебиз. Себеби ал жакка продукциясын эч ким алып барбай калат.
-- Улуттук банкта резерв болуп сакталып турары айтылып жатпайбы?
-- Алтынды Улуттук банк «албайм» деп жатат, алса да арзан баада алышы ыктымал. Эгер арзан алса, биздин өндүрүүчүлөрдүн экономикасынын баары бузулат. «Алтынды банкка салсак, металл өзүбүздө калат экен» деп тоо-кен адиси катары туура саясат деп ойлогом. Мисалы, Казакстандын алтын резерви 390 тоннадан, Өзбекстандыкы 350 тоннадан ашты. Бизде Улуттук банкта 17 тоннага жакын эле алтын резерв бар. Алар «Кумтөр, «Кыргызалтын» менен келишим жок, мүмкүн алтынды албайбыз» деген дагы маселени көтөрдү.
-- Эмнеге Улуттук банк албай коёт? Алар алтындын резервинин көбөйүшүнө кызыкдар эмеспи?
-- Аларга келечекте суроо жаралып калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү алтындын бир унциясы 1750 доллар болуп жатат. Бирок, «Good delivery» белгиси болбогондуктан, алар бул баада ала албайт. Ошондуктан кийин жетекчиликке «эмнеге сен унциясын 1750 доллардан алып, Улуттук банкты чыгашага учураткансың?» деген суроо жаралат. Текшерүүчү органдарга шылтоо табылат. Ошол себептен Улуттук банк Кумтөрдөн чыккан алтынды алуудан баш тартып коюшу мүмкүн. Бул чоң саясый-социалдык көйгөйдү жаратат. Бюджетке акча төгүлбөй, салыктар, кызматкерлердин айлык маянасы берилбей калуу коркунучу турат. Юридикалык тил менен айтканда, маселе толук кандуу чечиле элек. Соттошуу процесстери жүрүүдө. Кен Кыргызстанда калабы же кайрадан Кумтөргө берилеби – азырынча чечиле элек. «Биз алдык, мына башкарып жатабыз» деп элдин башын айлантып жатышат. Ушу тапта аткаминерлер «алтынды сатуу боюнча башка мамлекеттер менен сүйлөшүп, мурунку шарттан дагы жакшы баада сатабыз» дешүүдө. Биз «алтынды өзүбүзгө алып калабыз» деген максат менен ушундай кадамдарга бардык беле? Эл аралык сертификаттан айрылып, өлкөдө оор абал жаралганына байланыштуу «башка жакта сатабыз» деп баштадыкпы? Алганга жараша алтындын 80 пайызын Улуттук банкка резервге салып, 20 пайызын зергерчиликти өнүктүрүүгө жумшоо кадамдарын колдоого алмакпыз.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити