Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бай жана кедей өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык ажырым чоңоюуда

Бай жана кедей өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык ажырым чоңоюуда

28-июль, 23:16
4 739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пандемиядан кийин дүйнөлүк экономика калыбына келүүнү улантып жатат. Бирок экономикасы гүлдөп өнүккөн өлкөлөр менен жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы айырмачылык барган сайын көбөйүүдө. Мындай маалыматты Эл аралык валюта фонду таратты.

Euronews кабарлагандай, эксперттер быйыл дүйнөлүк экономикалык өсүштүн акыркы болжолун 6% деп болжошкон. Бирок анын түзүмү өзгөрдү, тагыраагы, Азия өлкөлөрүндөгү өнүгүү жай болууда.

«Бул дисбалансты жоюу үчүн жыл аягына чейин вакцинасы ашыкча болгон мамлекеттер муктаж өлкөлөргө бир миллиард доза, сентябрдын аягына чейин 250 млн. доза вакцина жардам бериши керек. Эгер COVAX программасы аркылуу бул кайрымдуулук вакциналары берилсе, анда жыл аягына чейин эмдөөнүн темпин тездетүүгө чоң кадам таштай алабыз» деди Эл аралык валюта фондунун башкы экономисти Гита Гопинат.

Эл аралык валюта фонду дагы 11 миллиард доза вакцина үчүн 43 миллиард евро бөлүүнү сунуштоодо.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер