Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) 11 бала тарабынан зордукталып, каза болгон. Стюардессанын акыркы мүнөттөрү

(Видео) 11 бала тарабынан зордукталып, каза болгон. Стюардессанын акыркы мүнөттөрү

12-январь, 12:28
6 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Филиппиндик 23 жаштагы Кристин Дачера үчүн жаңы жыл түнү ал ойлогондой аяктаган жок. Кыз жаңы жыл түнү 11 бала тарабынан зордукталып каза болгон. Бул тууралуу Daily Dot сайтына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Ал стюардесса болуп иштеп, аны менен катары эле өз өлкөсүндө инстаграм жылдызы катары белгилүү болгон.

Кыз жаңы жылды Макати шаарындагы кымбат мейманканалардын биринде тосуп алууну чечип, ал жакта кече уюштурган. Кечеге ондон ашык эркектер катышкан.

Эртең менен бөлмөдөн Кристинди эс-учун жоготкон абалда табышкан, ооруканга жетпей кыз каза болуп калган. Анын денесинде зордуктоо белгилери байкалып, канынан ири көлөмдөгү алкоголь ичимдиктери табылган. Өлүмдүн себеби аортадагы аневризма жарылып, ал оор физикалык күчтөн жана алкоголдук ичимдиктерден улам келип чыккан. Кечеге катышкан 11 жигиттин бардыгы тең зордуктоо жана адам өлтүрүү боюнча айыпталууда.

Полиция Кристиндин бөлмөсүнүн алдындагы коридорго орнотулган байкоо камераларынан анын акыркы көз ирмемдерин чагылдырган видеотасманы жарыялады. Видеодо кыз кыска көйнөк кийип, жылаңайлак шаңдуу жүргөнү көрүнүп турат. Бөлмөдө балдар дагы көп болгондуктан мейманкананын кызматкерлери кошумча матрац алып келип беришкен. Кыздын көп ичип, бутуна тура албай калгандыгынан пайдаланган жигиттер аны кезекке туруп зордукташкан.

Кыздын ата-энеси полициянын кылган аракетине канаатанбай, Филиппиндин президенти Родриго Дутертеге кайрылып, кызынын жапайычылык менен өлтүрүлүшүнүн тыкыр иликтенүүсүнө кийлигишүүсүн суранышкан.



 Барометр

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер