Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков, эксперт: “Ушул саясат улана берсе, Бишкекте 5-10 жылда чоң маселе жаралат”

Эрнест Карыбеков, эксперт: “Ушул саясат улана берсе, Бишкекте 5-10 жылда чоң маселе жаралат”

03-июнь, 16:55
1 596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрнест агай, Бишкек шаарында калктын саны көбөйүп, маселе жарала баштадыбы?

-- Бишкек мурун Фрунзе мезгилинде 500 миң кишиге, 50 миң автоунаага ырасталган. Бүт инфраструктурасы: жол, свет, газ, суу, экология, канализация, таштандылар ж.б. Азыр адамдын саны бир миллиондон ашык, автоунаанын саны миллионго жакын. Тыгын, түтүн, свет өчүрүү, суунун аздыгы, газдын жетишпестигине окшогон түрдүү көйгөйлөр пайда болду. Үйлөр жана башка имараттар илимге таянбай, шаардын жалпы планы жок, эсепсиз, ой келди курулуп атат. Борбор калаабыз Европадагыдай түз жерде эмес, өрөөндүн ичиндеги ойдо жайгашкан. Сугат суунун, таза суунун көлөмү чексиз эмес. Ушул саясат улана берсе, 5-10 жылда чоң маселе жаралат. Анткени, Бишкек эле эмес, жалпы Чүй облусунун калкынын көбү айла жок борбор калаага келип оокат кылышат. Айылдарда жаштар жок, мага окшогон 60тагы аксакалдар көр казышат. Анткени мамлекеттик каржы-экономикалык система ушундай. Консервативдүү эмес, спекулятивдик, алып-сатарлык система. Ушул саясатты четке кагып, өзүбүздүн экономикалык моделибизге өтсөк жакшы болот эле. Ойду алыска таштап, пландаштырып, өзүбүздү багып кете турган өсүү жолубузга түшүп алсак жарашчудай. Өнүгүү жолубуз бар. Ошол эле курулушту жаңы борбор калаага салсак жакшы болмок. 

-- Мисалы, кайда?

-- Кочкор районуна. Бул аймак – эң кенен жер. Кыргызстандын географиялык борбору. Эл аз. Альтернативдүү жаңы жол, 500 киловольттук электр чубалгы «Датка-Кемин», курорттук, туристтик зоналарга жакын. Тез арада 3-4 жылда 80 чакырым аралыкта Арал айылына Кара-Кече жылуулук электростанцияны куруш керек. 20-30 жылга жумуш орду пайда болуп, тышкы миграция азаят. Чүй, Бишкек түтүндөн, тыгындан эс ала түшөт. Жаңы борбордук окуу жайлардын, театрлардын, ооруканалардын, мектептердин пайда болушу менен Бишкекте жумушка орношо албаган таланттар өздөрүнүн жылдыздуу максаттарына жетишет. Мультипликативдүү, экономикалык өсүштүн жолдоруна токтолбой эле коёюн. Алар көп. Күнүмдүк эмес, тарыхта кала турган иш менен алек болушса...

Элибиз аралашып, түндүк-түштүк дебей, борбор калаа бирдей чакырымда болуп, баарыбызга жалпы улуттук маанидеги иш жаралмакчы.

-- Бишкекте кошумча канализациялардын курулушу, жолдордун кеңейтилип жатканы абалды жөнгө салбайбы?

-- Илгери ар бир жайлоого чабандардын саны малы менен эсептелинип, пландаштырылган жол менен иш алып барышчу. Малдын саны чектен чыгып кетсе, экологияга да, экономикага да чоң зыян алып келмек. Канча деген көп кабаттуу үйлөр салынып атат, демек, автоунаанын саны дагы кескин көбөйөт. Азыркы курулуштар мурда жок эле. Күндөн күнгө пайда болуп атпайбы курулуш идеялары. Чоң шаарды энергоресурстар менен камсыз кылыш керек. Аларды башка жактан кымбат ташыбай, өзүбүздүн суу, көмүрүбүзгө өтүүбүз зарыл. Арзан! Албетте, жаңы борбордон тышкары башка параллелдүү долбоорлорду ишке ашыруу керек. 

-- Мисалы?

-- Мисалы, Токмок шаарынын түштүк жагында эки өтмөк бар. Советтер союзунан калган жолдор. Бирөө Кочкорго кыска мөөнөттө жетет. Андан соң Нарын, Чаек–Казарман–Жалал-Абад. Экинчиси Суусамыр өрөөнүнө, андан соң Жумгал, ошол эле Чаек–Казарман–Жалал-Абад жолуна, мурдагы Бишкек–Ош жолуна түшөт. Жол кыска, ашуулар жапыз (Төө-Ашуудай бийик эмес). Эки кыска жол жасалса, Суусамырга Чүйдөн эл көчмөк. Суусамырдын жолу жасалмак. Союз убагында Суусамыр өрөөнүндө 600 миң кой баккан. Кооз, сонун жер. Туура саясат жүргүзгөндө, туура ички миграция болот. Элибиз бири-бирибизден «каяктан болосуң?» дебей, «кайсы уруудан болосуң?» деп тегибизди сактап калат элек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер