Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан

(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан

30-март, 17:47
30 494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндө Индиядан келген эки дааватчы обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Байказаков билдирди.
 
Анын айтымында, аталган тургундар үй карантинине жаткырылган. Бирок, медицина кызматкерлерин укпай намазга мечитке каттап турушкан.
 «Биздин Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Большевик айылынан үч тургунубуз 4 айга дааватка Индия өлкөсүнө кетишкен. Кыргызстанга кайра келишкенде Бишкектен текшерилишиптир. Алардын арасындагы эки тургун 26-мартта биздин посттогуларга
Ат-Башыдан эле келе жатабыз деп алдап өтүп кетишкен экен. Бирок алардын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу бул тургундар боюнча бизге маалымат берген. Биз үйлөрүнө барып, кайра Ат-Башыга ооруканага жөнөткөнбүз. Бирок дарыгерлер үй карантининде болсун дешкен. Аларды көзөмөлдөө жагы ФАПтагы кызматкерлерибизге табышталган экен. Бул тургундар дарыгерлерге баш ийбей койгондо, биз аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкери, айылдык кеңештин төрагасы болуп барганбыз. Бирок анда дагы баш ийбей коюшкан...

 Айылдагы мечиттерди жаптырганбыз. Ага карабай бул тургундарыбыз: "Биз мечитте намаз окубасак болбойт" деп күндө мечитке келип-кетип жатышканынан райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Алар дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Такыр эле талапка баш ийбей койгондо обсервацияга жаткырабыз деп айтсак, ошого көнүп райондук аймактык ооруканага обсервацияга алынышты. Ал эми үчүнчүсү айылыбызга келе элек», - дейт айыл өкмөтү Бакытбек Байказаков.


 “Турмуш”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер