Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкө чемпионаты Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналды

Өлкө чемпионаты Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналды

10-декабрь, 17:48
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

7-декабрдан 8-декабрга чейин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Тамекисиз спорт” урааны алдында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Чемпионат ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына дагы арналды. Мелдештин ачылыш аземине КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР көркөм гимнастика федерациясынын президенти Чолпон Султанбекова, Турдакун Усубалиевдин небереси Эркин Усубалиев жана башка коноктор, спортчулар, күйөрмандар катышты. Чемпионаттын катышуучулары жаш курагы боюнча үч категорияда таймаш жүргүздү.

Спортчулар скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда күч сынашты. Жеңүүчүлөр упайлардын топтогонуна жараша ар бир жаш куракта өзүнчө аныкталды. Мелдеш өлкөнүн көркөм гимнастика федерациясы менен спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү. Дирекциянын бюджетинен 28 миң сом каралган.

Мелдештин жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлери төмөндөгүдөй болду:

2008 жана 2009-жылы туулган спортчулар:
 1
-орун – Сапаева Карина
 2
-орун – Кулмамбетова Самира
 3
-орун – Бадыкеева Асема

2005, 2006 жана 2007-жылы туулган спортчулар:
 1
-орун – Сатыкеева Тинатин
 2
-орун – Козубаева Альбина

3-орун – Эсенбекова Аделина

2004-жылы туулган жана андан улуу спортчулар:
1-орун – Изабекова Айша
2-орун – Быковская Агата
 3-орун – Табылганбекова Сабина.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg  



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер