Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бакай банк” олимпиада жеңүүчүлөрүн бөлүп-жарып, сыйлык таратканда

“Бакай банк” олимпиада жеңүүчүлөрүн бөлүп-жарып, сыйлык таратканда

23-август, 17:26
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликке ыктаган, акыркы жылдары ташы өйдө кулаган “Бакай банкы” бар. Акча, пиар үчүн көп нерсени кылып жатышкандай. Кылышсын, бирок олимпиададан медаль алышкан спортчуларды бөлүп-жарып сыйлашкандары эмнеси? 

Мисалы, Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар, “Камри 80” үлгүсүндөгү автоунаа берилсе, Айсулуу Тыныбековага 50 миң доллар, Акжол Махмудовго 50 миң доллар ыйгарышты. Кызык, а башка ийгилик жараткандарчы? Мынчалык “алалашкандары” кандай? Айталы, Мээрим Жуманазарова күмүш, Жоламан Шаршенбеков коло, Үзүр Жусупбеков коло медалын тагынды. Олимпиада оюндарында байгеге жетишпей калган спортчуларыбызды сыйлашпаса да, береги үч кыз-уулдарыбызды кемсинткендей кылыштыбы? “Эрдик кылсаң сүрө кыл” дейт кыргызда. Андай эле берешен экен, жеңишке жетишкен спортчуларыбызга калыс карашса не?! Ток этери, “Бакай банктын” мындай кылыгына көпчүлүк түшүнбөй калды. Бийликке жамынып алышып, билген жармаларын чала беришеби? Элибизде мындай көрүнүштү “кол ийрисине тартат” деп айтат. Жолуңар болсун!  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер