Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жаштар жана спорт министрлеринин кезектеги жыйыны Бишкекте өттү


Ноябрь айынын акыркы күнү Бишкек шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жаштар иштери жана спорт министрлеринин 4-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча катчылыгынын (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев, Азербайжан Республикасынын жаштар иштери жана спорт боюнча министри Азад Рагимов, Венгриянын башкы консулу Ференс Блауманн, Түркиянын эл аралык уюмдар жана чет элдик байланыштар боюнча дирекциясынын башкы директору Ахмед Али Темуржи, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин эл аралык кызматташтык жана коомдук өнүгүү боюнча башкармалыгынын башчысы Асел Сыздыкова жана башкалар катышты.
Канат АМАНКУЛОВ, КР жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору:
-- Эсеп боюнча төртүнчү жыйын түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча катчылыгы тарабынан уюшулду жана жаштар саясаты, дене тарбия, спорт тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүдө түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жакшы аянтча болуп эспетелинет. Саммиттин алкагында Казакстанда түрк тилдүү мамлекеттердин студенттер арасында универсиада өткөзөлү деп чечтик. Өзбекстанда жаш ишкерлердин чоң форумун өткөзүүнү пландадык. Азербайжан жана кыргыз жаштары ортосундагы мындан аркы кызматташуу үчүн укуктук базаны бере турган эки документтерге кол коюлду. Ошондой эле допингге каршы саясат тууралуу суроолор талкууланды. Чоң спорттогу көйгөйлөрдү жана багыттарды эске алып, түрк тарап өз тажрыйбасын сунуштап, Анкара шаарында жайгашкан допингди пайдаланууга жол бербөө максатындагы лабораторияны колдонууну сунуштады, жакын арада мамагенттиктин өкүлү ал жакка үйрөнүү үчүн барат.
Азад РАГИМОВ, Азербайжандын жаштар иштери жана спорт боюнча министри:
-- Жаштар саясаты чөйрөсүндө жакынкы жылдар аралыгына атайын программага кол коюлду. Азербайжанда республикалык жаштар саясатын алып барган ар түрдүү тармактарда үч жүздөй өкмөттүк эмес уюмдар иштейт, ошондой эле мамлекеттик программаларга кол коюлган. Бүгүн бул документтер маалымат алмашууга, жаңы нерсе түзүүгө, эгер биз тараптан кемчилик бар болсо чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Азербайжанда спорт тармагында 45 олимпиадалык комплекстер иштейт. Биз бул спорттук базаларда тренингдерди, окутуу жана машыгууларды өткөрүү үчүн Кыргызстандын спортчуларын чакырабыз. Спорттук медицина тармагында тажрыйба алмашып, Кыргызстан менен Азербайжанда өткөрүлө турган ар кандай эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүктөр ачылды.
Маалымат үчүн:
Жолугушуунун жүрүшүндө 2020-жылы Өзбекстанда жаш ишкерлердин форумун, 2020-жылы Казакстанда II Түрк универсиадасын, Түркияда IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жана 2020-жылы Кыргызстанда жаш лидерлер форумун өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Жыйында ар бир өлкөнүн өкүлдөрү 2020-жылы Түркия Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүнү колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
ТМКК жыйынынын жүрүшүндө Бишкек шаарында төмөнкү документтерге кол коюлду:
-- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Азербай Республикасынын жаштар иштери жана спорт министрлигинин ортосунда түзүлгөн макулдашуу алкагында 2020-2021-жылдарына жаштар саясаты тармагында кызматташууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
-- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Азербайжан Республикасынын жаштар иштери жана спорт министрлиги ортосунда түзүлгөн макулдашуу.
Документтер Кыргызстандын атынан мамагенттиктин директору Канат Аманкулов жана Азербайжан тарабынан жаштар иштери жана спорт боюнча министри Азад Рагимов кол коюшту.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Aryba.kg











