Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мукаш Ырсалиев: “Спорт ордосуна жылуулук берилбей, биз кыйналдык”

Мукаш Ырсалиев: “Спорт ордосуна жылуулук берилбей, биз кыйналдык”

30-ноябрь, 16:06
3 146 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Биз АИБА (эл аралык бокс федерациясы) калыс-рефериси Мукаш Ырсалиев менен чакан маек курдук. Албетте, пандемия башталгандан бери биринчи республикалык деңгээлде спорттук мелдеш болгондон кийин анын аки-чүкүсүнө токтолду.

-- Мукаш мырза, бокс боюнча мелдеш кандай шартта өтүп атат?

-- Бул жаатта Кыргызстандын чемпионаты башталды. Финалдык мелдештер 28-ноябрь күнү болот. Эми шартына токтоло турган болсок, эң ириде бүткүл дүйнөлүк пандемия биздин мелдештин өтүшүнө чоң талаптарды койду десек болот. ВОЗдун (эл аралык саламаттык сактоо уюму) эч кынтыксыз аткара турган эрежелерин, тартиптерин карманабыз. Алсак, мелдешти тейлей турган калыстардан баштап, ар бир региондордон келген мушкерлердин КОВИД боюнча справкасы болушу шарт. Экинчиси, өлкөдөгү ири мелдеш экенине карабай, көрүүчүлөр, күйөрмандары жок өтөт. Мелдеш КТРК спорт каналынан түз алынып көргөзүлөт. 

-- Беткап маселесичи?

-- Мушкерлер беткапсыз рингге чыгып аткандан кийин аны тейлеген калыстар тобу да беткапсыз чыгышат. Бирок, калыстар, ошол эле мушкерлер ар бир беттешүүдөн кийин антисептик колдонуусу шартталган. Дагы бир айта кетчү нерсе, мелдештин алдында тийешелүү кызматкерлердин баарына окуу-семинарлары өттү. Баары эрежелерди билишет. 

-- Чемпионат жылдагыдай Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо өтүп атат, ичи эшиктегидей эле суук го?

-- Негизи ичи сырттагыдай эле суук. Эмне үчүн жылуулук берилбегенин билбейт экенбиз. Бул – спортчулардын жана калыстардын ден соолугуна өтө эле терс таасирин тийгизе турган нерсе. Мамлекеттик спорт агенттиги спортчуларды диплом жана медалдар менен эле сыйлап тим болушат. Ал эми калыстар мындан жыйырма жыл мурун эле 85 сом суточный алчу, азыр деле ошол сумма, эч бир көтөрүлгөн жок. Мүмкүн коомдук башталышта болгон үчүнбү? Ал эми ошол эле кошуна өлкөлөрдө, алсак Өзбекстанда “мамлекеттик жумуш” деп кадимкидей айлык алышат. Чын-чынына келсек, кыргыздын желеги эки учурда гана көтөрүлөт: биринчиси, мамлекет башчы башка өлкөгө барганда, экинчиси, спортчу жеңишке жеткенде. Ошондуктан биздин туубузду бийик көтөрүп жүргөн спортчуларга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп, колдоо кылып коюшса жакшы болмок. Жадагалса кийгенге кийимдери жок. Анан кантип биз аларды “дүйнө, олимпиада чемпиону болгула” дейбиз? Эмне үчүн кошуна мамлекеттерден үлгү албайбыз?..


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер