Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медеркан ОСМОНАЛИЕВА: “Каныбекке Кыргыз Эл Баатыры наамын берип койсо деле жарашмак”

Медеркан ОСМОНАЛИЕВА: “Каныбекке Кыргыз Эл Баатыры наамын берип койсо деле жарашмак”

13-ноябрь, 22:25
3 081 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медеркан эжебиз кадимки эле 1980-жылы Москва олимпиадасынын оор атлетика боюнча чемпиону Каныбек Осмоналиев агабыздын өмүрлүк жары. Сүйүү каты, төрт сап ыр, “Медруша” деп эркелеткенин айта отурду. Баса, быйыл Каныбек агабыздын байгесине арналган оор атлетика боюнча кезектеги 32-эл аралык мелдешинин ачылышынан Медеркан эжебизди көрүп калып кепке тарттым. Каныбек ага менен кантип кыз-жигит болуп калганын, кантип олимпиада чемпиону болгонун ж.б. кызыктуу сырларынан айтып берди. Анан эжебиздин “жазбай эле кой” деген эки ооз сөзүн да уруксатсыз “урдуруп” ийдим, эже, кечириңиз жаман иниңизди...


-- Медеркан эже, Каныбек ага менен айылдаш, классташ экениңерди  билебиз. Канчанчы класста сүйүү катын жазган?

-- 9-класста окуп жүргөн кез болчу, азыр да көз алдыман кетпейт. Ал кезде кат жазмай эле. “Ой Медеркан, сенин кандай мүнөзүң? /Менин жыртык чапаныма күлөсүң. /Ошол жыртык чапанымдын ичинде, /Кандай асыл бар экенин билесиң?..” деген төрт сап ыр менен баштаптыр. А мен “өзү чыгарган экен, ушунчалык жакшы көрүп сүйөт турбайбы” деп сүйүнгөм. Кийинки каттарында мага ылайыктап сүйүү ырларды тандап, сөздүн гүлүн терип, кептин кыраатын келтирип жазып жүрдү.  

-- Кат жазышып эле тим калчу белеңер же жолугушуп, жанаша басып  дегендей...

-- Ээ кокуй, жанаша басуу деген ал кезде жок эле да. Бетме-бет жолугушуп калсак, учурашып эле тим болчубуз. Айылда кино болуп калса класстагы балдар-кыздар топурап баарыбыз барабыз, бүткөндөн кийин үйүмө чуркап кетмей. Капыстан жанаша басып калганда “ай, ары бас, өтүп кет, эл эмне дейт?” деген мезгил болчу. 

-- Канча убакыт кыз-жигит болуп жүрдүңөр?

-- Мектепти бүткөндөн кийин эки-үч жыл. Каныбек агаңар улуттук университеттин тарых факултетинде окуп калды. Мен медициналык окуу жайга тапшырып, өтпөй калдым да, №17 училищеде тикмечинин окуусун окудум. Атамдын иниси бар эле “сен ошол окууну оку. Бүткөндөн кийин Москвага модельер-дизайнердин окуусуна алпарам” деди.

-- Экөөңүздөр тең студент болуп шаарга келдиңер, жолугуп турчу белеңер? Эмне кылып ухаживать этчү?

-- Университетте окуусун баштаганда эле спортко ыктап калды. Спорт менен машыккан студенттерге тамак-ашына деп талон берчү экен. Киного алпарат, сеанс башталгыча ашканадан тамак алперет. Ошентип сыйлачу. Училищени бир жарым жыл окугандан кийин ВЛКСМ кийим тигүү фабрикасында иштеп калдым. Экинчи   сменде экенде кеч чыгам, ошондо фабриканын алдынан тосуп алып, үйгө жеткирип койчу.

-- Жолукканда бетиңизден сүйүп турчу беле?

-- Эми ар бир көргөн сайын эмес, анда-санда сүйүп турчу. 

-- Бир айылдык болгондон кийин айыл-апа экөөңүздөрдүн кыз-жигит болуп жүргөнүңөрдү билишчү беле?

-- Каныбек менден мурун эки-үч жолу айылга барса, “Медеркан жакшы кыз, маанайы жарык, колукту кылып алып качыш керек” деген сөздөрдү башка бирөөлөрдөн угуптур. Мага келип, “мен жок айылга барба. Тааныбаган эле жаман балдар сени ала качканга даярданып, катуу сөз болуп атыптыр. Эгер айылга барсаң чогуу барабыз. Менин жанымда жүрсөң сага эч ким тийбейт” деп мени коркутуп койду. Анан айылга чогуу барып, чогуу шаарга келип жүрдүк.

-- Канчанчы жылы баш коштуңар?

-- Экөөбүз тең 21 жашыбызда, 1974-жылы эч бир ала качпай эле өз ыкласыбызда турмуш курдук. Быйыл 45 жыл болуптур бирге өмүр сүргөнүбүзгө. Алгач Фрунзеде батирде туруп, кийинки жылы кыздуу болгондо эле айылга апамдын (кайнене) жанына барып алдым. Анүстүнө Каныбек эки күндүн биринде эле мелдеш, сбор деп үйгө токтобой калды. Кээде үч айга чейин үйдө болбой калат. Ошентип жүрүп жети балалуу болдук: үч кыз, төрт эркек. Балдар басып калганда же тили чыгып калганда келет. 

-- Кызык жагдай экен...

-- Үйдө балдардын атасынын сүрөттөрүн илип, ал жокто “папа” деп койчумун. Бир жолу ушундай узак командировкадан өзү келип, “кана папаңар?” десе, балдар жабыла сүрөттү көргөзүп “мына папа” деп атпайбы. “Ал сүрөт, мына менмин папаңар” десе болушпайт десең. Ушундай учур болгон.

-- Москва шаарында Каныбек агабыз олимпиада чемпиону болгондо кайда элеңиз же телевизордон өз көзүңүз менен көрдүңүзбү?

-- Ал кезде азыркыдай сотка эмес, телеграф аркылуу сүйлөшүп турдук. “Бүгүн эки килограмм салмак куудум, эртең 500-600 грамм салмак кууйм, наркы күнү мелдешке чыгам” деп, күн сайын сүйлөшүп аттык. Үйдө телевизор жок. Ал күнү таң эрте эжемдикине барып, телевизорду тиктеп отурдук. “Өткөрүп ийбейли” деп ордубуздан бир канча саат жылбай отурдук, менимче, түштөн кийин чыкты. “Кудай, Кудай, көтөрсө экен...” деп атабыз. Эки-үчөө, жок төртөө тең 245 килограммды көтөрүштү. Эки корей, бир венгер жана Каныбектики салмактары бир болуп калды. “Эми эмне болот?” деп атсак, жанагы салмак кууганы туура болгон экен. Үч атаандашынан жеке салмагы жеңил болуп, биздин Каныбек олимпиада чемпиону аталды. Ошол жерде көрүп отургандардын баары кубандык. 

-- “Төрт эркек” деп калдыңыз, агабыз чапкан жолго эч кимиси түшпөдүбү?

-- Баары эле барды. Бирөөсү спорт чебери, экөө спорт чеберлигине кандидат болушту. Кичүүбүз кызыгып келип, кайра таштап койду. Чынын айтсак, балдарга бир аз колдоо жетишпей калды көрүнөт. 

-- Неберелерден канчоо? Мүмкүн ошолордон чыгып калар...

-- Неберелер жыйырмадан ашты, азырынча аларга эртерээк, мүмкүн чыгып калаттыр. 

-- Каныбек аганын кайсы мүнөзү жагат?

-- Аябай адамгерчиликтүү, сыйчыл адам. Улуу-кичүүгө кичипейил, сыпаа киши. Билгичтик жагына эч ким жетпейт.

-- Кайсы мүнөзү жакпайт?

-- Жакпаган мүнөзү жок, турган турпаты менен жактырам. Чочугансып анда-санда гана чукчулуңдап кетет. Өзгөчө чарчап турганда. Анан кайра эле “Медрушка, кечирип койчу” деп калат.

-- Кол көтөргөн учуру болгонбу?

-- Андай жаман адаты башынан эле жок. Кол көтөргөндү кой, балдарга катуу сүйлөгөнүн көргөн эмесмин.

-- Сиз менен ачык-айкын эле сырдашса керек? Биз билбеген катылуу сырларынан айтып бересизби?

-- “Эмгегимди баалап атышат” дейт. Салыштырып келгенде кээде “мага деле Кыргыз Эл Баатыры наамын берип койсо болмок” деп калат. Муну жазбай эле коёсуң го. Каныбек ушундайды жаман көрөт. Аял киши болуп тилимен чыгып кетип атпайбы. 

-- Пенсиясын, стипендиясын сизге апкелеби? 

-- Тапкан-ташыганын мага карматат. Керектүүлөрүн алып турат. Анан кыргыздыкы катыш, той-аш, бүгүн бирөө, эртең дагы бирөө, ошолорго берип турбасаң да болбойт. Кудайга шүгүр...    


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер