Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Жээнбеков: “Кыйчалыш абалда мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошолу”

Тилек Жээнбеков: “Кыйчалыш абалда мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошолу”

18-октябрь, 13:09
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Панкратион боюнча Евразия чемпиону, ар тараптуу кармаш боюнча дүйнө мелдешинде күмүш медалдын ээси жана эрежесиз эр уруш боюнча бир канча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү, оор салмактагы балбан, мушкер Тилек Жээнбеков менен кыскача маек курдук. 

-- Тилек иним, жакында сен жөнүндө “Тилек Жээнбеков чоң спорт менен коштошуптур. Эми эрежесиз эр уруш мелдешине чыкпайт экен” деп атышат. Ушул маалымат канчалык негиздүү?

-- Сурат байке, мени “октагондон кетти” деп ар кандай сөздөр болуп атса керек. Өзүм да чала-була угуп калдым. Бул туура эмес маалымат. Тескерисинче, эрежесиз эр уруш жагына көбүрөөк убакыт бөлүүнү чечтим. Азыр кырдаалга байланыштуу чет жакка чыгып, беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болбой атат. “Кудай буюруп, пандемия бүтүп, жолдор ачылса, эл аралык мелдештер жанданса” деп турабыз, дагы-дагы көп сыноолор алдыда турат. Анан спортту таштаганга мага али эрте. Оор салмак ченинде болгонума байланыштуу, Кудай күч-кубат берип турса, болбоду дегенде дагы 10 жыл октагонду таштап кетүү оюмда жок. 

-- Даярдыктар кандай?

-- Ар дайым машыгуу үстүндөмүн. Пандемиянын эрежелерин так сактап, залда физикалык жагымды, көптөгөн ыкмаларды кынаптап, кыргызда “Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай” дегендей, табымдамын. Азыртан эле чет элде боло турган мелдештерге катышууга сунуштар түшүп атат. Бирок, бул сунуштарды алдын ала элге жарыя кылбай турайын. Баардыгы өз нугунда баратат. 

-- Бүгүнкү күндө эмне менен алексиң?

-- Өлкөбүздөгү кыйчалыш абалда жаштардын алдында туруп, тартип бузууларды болтурбоо, эмоцияга алдырбоо, акыл пештеп иш кылуу, мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуу аракетиндемин. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер