Акыркы кабарлар
» Күч берен » Токмоктук Бивол супер чемпион
Токмоктук Бивол супер чемпион
31-октябрь, 13:57


Жердиги Токмок шаарынан Дмитрий Бивол аттуу мушкер Бүткүл дүйнөлүк мушкерлер ассоциациясы (WBA) жааты боюнча супер чемпион макамына ээ болду. Ага бул макамды тапшыруу аземи жакынкы күндөрү тапшырылат. Биздин жердешибиз 13-октябрь күнү орто оор салмак чени боюнча 8-ирет чемпиондук кемер курду коргоп калган. Ал күнү доминикандык Ленино Кастильо аттуу мушкер менен беттешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңиш биздин жердешке ыйгарылган. Кесипкөй бокста 17 жолу рингге чыгып, баарын утуп, анын ичинен 11 беттешүүнү нокаутка ыргыта чапкан.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
"Азия Ньюс" гезити











