“Кара-Кулжа” курамы чемпион болду


Жума этегинде ардагерлер, мындайча айтканда, 50 жаштан жогору топ чапкычтардын жыйынтыктоочу оюнуна күбө болдум. Өзгөчө “Кара-Кулжа” менен “Ардагер” ортосундагы таймаш абдан кызыктуу болду. Биринчи партияны “Кара-Кулжа” жөн эле мышык-чычкан кылды. “Ардагерлердин” духу түшүп калгансыды. Келген күйөрмандардын басымдуусу да кара-кулжалыктар экен. Тирукмуш сүрөөнчүлөдү. Экинчи партияда “Ардагерлер” ойгонду көрүнөт. Башынан жакшы оюнду демилгелеп, натыйжасында экинчи партияны утуп эсеп 1:1 болду. Бир аз тыныгуудан кийин чечүүчү үчүнчү партия башталды. Чынын айтыш керек, “Кара-Кулжа” утсак да-утпасак да баары бир чемпион болобуз дештиби же “Ардагер” курамы бир аз чарчап калдыбы, үчүнчү партияны “Ардагерлер” утту, татыктуу жеңди. Кезек оюн калыстарына жана мелдештин уюштуруучуларына келип, жыл жыйынтыгын дыкат эсептеп чыгышты. Кыргызстандын чемпиону “Кара-Кулжа” топ чапкычтары болду. Алар 33 упай топтоду. Ал эми экинчи орунду 32 упай менен “Ош” командасы жана байгелүү 3-орунду “Ардагерлер” жеңди. 50 жаштан жогору “Ардагерлер” лигасында жалпы жонунан 10 команда ат салышкан.
Эми 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча Ардагерлер (50+) курама командасы Россиянын Камчатка крайына Таранц Анатолий Ивановичтин жаркын элесине арналган эл аралык оюндун 25 жылдык юблейине катышканы бара жатышат. Курама команданын курамыы: Делегацияны жетектеп, волейбол федерациянын вице-президенти Кызалаков Жеңишбек барат жана оюнчу катары да катышат. Анкудинов Андрей машыктыруучу жана оюнчу, Кулсариев Акпаралы команданын капитаны, Кабанов Виктор, Болушев Марат, Нарботоев Турдумат, Касыев Нурбек, Иванов Сергей, Касыев Бектурсун, Мырзабаев Кадырбек Соорбекович Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Ыраакы Чыгыш Федералдык округу боюнча ардактуу консулу (Хабаровск шаары) баруучу жактын бир тарабын ушул жигит төлөп берди. Ал эми экинчи жагын жатакананы тамакты Камчатка Волейбол Федерациясы көтөрүп атат.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ











