Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиз Жакенов: “Элмурза Сатыбалдиев КР волейбол федерациясына президент болгону жогорку денгээлге жеттик”

Азиз Жакенов: “Элмурза Сатыбалдиев КР волейбол федерациясына президент болгону жогорку денгээлге жеттик”

29-октябрь, 18:04
1 978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кара-Кулжа районунун ардагер волейболчулар командасынын капитаны Азиз Жакенов Кыргызстандагы волейбол оюнунун тарыхына, басып өткөн жолуна, ийгиликтерине тереңден кайрылып, о.э. келечекке карай дем берген маек берди.


-- Ардагер волейболчу, Кыргызстандын 2019-жылкы чемпиону катары маанайыңыз кандай?

-- Маанай өтө жакшы. Биз 10 команда катышкан республиканын биринчилигинде Кыргызстандын элине 80-жылдардагы Кара-Кулжанын волейболчулары дагы деле күч-кубатта экенин көргөздүк. Шарт боюнча 2019-жылы төрт тур өтүш керек эле (экөө Бишкекте, бирөө Ошто жана дагы бири Тоң районунда). Төртөө тең өттү, жыйынтыгында биз жеңүүчү болдук. Кыргызтандын  волейбол федерациясы ардагерлер арасында өткөргөн биринчилигинен тышкары, башка өткөрүлгөн турнирлерде да биринчиликти берген жокпуз (Ысык-Көл оюндары ж.б.). Чемпиондордун атын атап кетсем: О.Каримжанов, Т.Матсаков, А.Атабеков, Ж. Бекиев, Р.Акматов, Б.Акматалиев, А.Идрисов, А.Калыков, М.Болушев, К.Эшеналиев, Ж.Турдуев, С.Өмүрзаков, Ж.Бакаев, Н.Касыев, Ж.Акыбаев, К.Дүйшөмбиев, Ж.Шералиев жана мен.

-- Турнир баш-аягы бир жылдай созулуптур, чемпиондорду кимдер колдоого алды? 

-- Финансалык жана башка колдоонун түрлөрү жок ийгилик жаралбайт. Бизге мисалы, Ж.Бекиев, А.Калыков жана Ж.Шералиевдер чоң материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү.

-- Ошол жылдардагы волейбол оюнчулардын ийгиликтеринен кеп салсаңыз?

-- 1980-жылдары биздин райондун волейбол оюнчулары чоң ийгиликтерге жетишкен. Тарыхка токтолсок, биздин районго биринчилерден болуп волейболду кенен-кесир эки Маман тааныштырып жайылткан. Алар Маман Айылчиев жана Маман Дыйканбаев. М.Айылчиев азыр да кеп-кеңешин айтып арабызда, 81 жашта.

Кыргызстанда волейбол оюну кенен тараган. Бул оюн айыл-айылдарда, райондор жана облус борборлорунда массалык түрдө ойнолуп, кыргыздын улуттук оюнуна айланды десек болот. Анын бирден-бир себеби, көпчүлүккө ыңгайлуу жана башка командалык оюндарга салыштырмалуу көп материалдык каражат талап кылынбайт. Мисалы, баскетболго жана футболго көп каражат керектелет, себеби, биринчиден, чоң оюн талаасы керек, баскетболдук эки щит жана футболдук эки дарбаза керектелет. Ал эми волейболго болгону кичирээк оюн талаасы, эки мамыча жана торчо гана талап кылынат. Баса белгилеп кетчү нерсе, оюнчуларда футбол жана баскетболго караганда жаракат алуу жокко эсе, себебиоюнчулар бири-бири менен кагышпайт.

Эсимдебиз мектеп куракта бир калыңыраак жипти тартып алып эки-экиден, үч-үчтөн болуп волейбол ойноп үйрөнөт элек. Анан да айта кете турган нерсе, биздин райондон бир үй-бүлөдөн 2-3төн волейбол оюнчулары чыкчу. Мисалы, Төрө, Табылды жана Токтогул Матисаковдор, Искендер жана Сооронбай Жээнбековдор, Расул жана Адыл Кадыровдор, Жеңиш, Ыдырыс жана Таалай Бекиевдер, Нурбек жана Бектурсун Касиевдер жана башкалар.

 Мен жогоруда айтып кеткендей, 80-жылдары Кара-Кулжанын командасы облустар аралык жана республиканын биринчилигин бир нече жолу утуп, Кыргызстандын атынан союздук турнирге катышкан. Мен билгенден биздин райондон башка Майлуу-Сай шаарынын жана Ленинполь районунун (азыркы Бакай-Ата району) волейбол оюнчулары да республиканын ичинде бизге окшоп жакшы ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын атынан союздук турнирлерге катышкан. Майлуу-Суу шаарында жана Бакай-Ата районунда негизинен немис улутундагы волейболчулар болгон. Алар билесиз, машыгууну туура жана так жасашат, жалкоолугу жокко эсе, ошондуктан ошол жылдары көп ийгиликтерге жетишишкен. А биздин командада болсо жалаң кыргыздар болгон.

-- Ошол союздук турнирге катышкандардын атын атап кетсеңиз?

-- Исмаилов Маман, Жаанбаев Пират, Саматов Акмат, Өмүрзаков Зикин, Айбашев Тезекбай, Амиракулов Маман, Дыйканов Пирим, Бекташев Азим (Сузактан) жана Кадыров Адыл.

-- Эмне үчүн бир мамлекеттин атынан бир шаардын, же райондун командасы барган?

-- Себеби, волейбол – бул командалык оюн. Волейболдо бир адам калган оюнчуларды ойнотот. Ошол оюнчу (пасовщик) оюндун жыйынтыгы жакшы болуш үчүн берки оюнчулардын дараметин жакшы билиш керек. Ал үчүн чогуу жок дегенде 3 ай бирге машыгуу абзел. Башка командадан бирден-экиден мыкты оюнчуларды командага кошсо, алардын оюну жүрүшпөйт, себеби, алардын дараметин жана ойноо ыкмаларын пасовщик жакшы билбейт. Ошондуктан, ал убакта көп жылдан бери бир командада бирге машыккан, бири-бирин көз караштан жана башка нерселерден түшүнгөн оюнчулар катышкан. Мен жана башка жогоруда аты аталган мыкты оюнчулар союздук турнирге катышкан командага кирбей калганбыз, себеби, биз көпчүлүгүбүз андагы Фрунзе шаарында студент элек, ошондуктан, биз алар менен көп убакыт бирге машыга албайт элек.

-- Көрүнүктүү волейболчу болуш үчүн тубаса талант болуш керекпи, же көп эмгектенип, таанымал оюнчу болсо болобу?

-- Волейболчулар башка спорт оюндарындай эле тубаса таланттуулар жана көп машыгуунун жыйынтыгында үйрөнүп таанылгандар деп белгиленет. Мисалы, биздин райондон тубаса таланты бар Төрө Матисаковду көп айтышат. Ал кишинин «короткий» деген топ чабуу ыкмасын Кудайым башка эч кимге бербегендей. Кийинки муун арасынан Расул Кадыровду, Сузак районунан А.Маматовду («Чони»), З.Алибековду белгилеп кетет элем. Р.Кадыровдун бою командада баарынан кыска, бирок, баарынан бийик секирип, көп ийгиликтерди жаратчу. Азыркы оюнчулардан тубаса таланттуу деп Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Нурмухаммед Токтоевди айтар элем.

-- Сиз өзүңүздүн райондун командасынан башка кайсы командада ойнодунуз?

-- Медакдемиянын командасында, анан көп жыл Оштун «Динамо» командасында ойнодум. Ош облусунун курама командасында да бир топ жыл ойноп жүрдүм. Кийинки убактарда машыктыруучулукка өтүп, Оштун «Динамо» клубун жетектедим. Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн волейбол оюнчулары М.Исаков, А.Атабаев жана маркум У.Самудиновду тарбиялагам.

-- Көптөн бери Бишкекте жашайт экенсиз, көпчүлүк убактыңыз волейбол менен өтөт экен, демек, Кыргызстанды волейбол аркылуу башка мамлекеттерге тааныткан оюнчуларды билесиз да?

-- Союз убагында жогорку жана башка лигалар болор эле. Кыргызстандын командасы жогорку лигада ойногон эмес, бироккээ бир биздин оюнчулар жогорку лигадагы командаларда ойношкон. Мисалы, Ленинграддан кадимки эле С.Чокморов СССРдин курама командасында, Жети-Өгүздөн Э.Акунов менен Фрунзеден М.Столяров Алматанын «Буревестник» жана «Дорожнигинде», Майлуу-Суудан С.Прокопьев ЦСКАда. Кыргызстандын курама командасында өз убактарында мен билгенден Е.Лежачев, А.Захаров, М.Сеитказиев, М.Кошалиев, К.Сыдыков, У.Самудинов, М.Исаковдор ойношкон. Биздин сыймыгыбыз болгон Касиев Бектурсун да Кыргызстандын командасында көп жыл ойноп жүрдү. Ал негизинен «Динамо» командасында тарбияланган. Кыргызстан спорт чебери деген наамга жетишти.

-- Кыргызстанда азыркы учурда волейболдун акыбалы кандай?

-- Кыргызстандын волейбол федерасиясынын иш алкагында улуттук лига, жогорку лига жана башка лигалар каралган. Мен көбүрөөк улуттук лигага көңүл бурам. Ал лигада сегиз команда бар: «Салам-Алик», «Жаңы-Муун», «ЕРЕМ» жана «Ош бажы» командалары 2-3 жолудан Кыргызстандын чемпиону болушту. Кыргызстандын командасы 2015-жылдан бери Азия өлкөлөрү арасындагы турнирге катышат. Ушул кыска убакыттын ичинде эки жолу биринчи, бирден эки жана үчүнчү орундарды алды, бул – тарыхта болуп көрбөгөн жетишкендик. Кыргызстан волейбол федерациясына Элмурза Сатыбалдиев президент болгону спорттун бул түрү чоң денгээлге жетти. Жан-жөкөрлөрү К.Сарыбагышев жана Ж.Кызалаковдор да чоң салым салышууда.

-- Мындан аркы иш-пландарыңыз кандай?

-- Үй-бүлөнүн машакаттарынан башка, мен волейбол менен жашайм, волейбол мени менен жашайт. Анан дагы жашым алтымышка чамалап калгандыктанмүмкүн болушунча спортту таштабайм, башкаларды да ошого үгүттөйм.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер