Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйөркул ЧОКМОРОВ: “Кыргызстандын курамындагы топ чапкычтарды утуп алган Чоң-Таштагы Чокморовдор дешчү”

Сүйөркул ЧОКМОРОВ: “Кыргызстандын курамындагы топ чапкычтарды утуп алган Чоң-Таштагы Чокморовдор дешчү”

23-октябрь, 13:47
610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйөркул Чокморов агабыз кадимки эле СССРдин эл артисти, КР эл сүрөтчүсү, киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы. Сүйөркул агам менен кыргыз волейбол оюнунун 90 жылдыгы алдында чакан маек кылдык. 84 жаштагыдай көрүнбөйт. Баскан-урганы шайдоот. Колуна топ берсең азыр да ойноп ийчүдөй жүткүнүп турганы жакты. Артка кылчайдык. Волейболдун тарыхына үңүлдү. Анын ичинен азыркы шарттагы волейболдун өнүгүүсүнө федерациянын үзүрлүү эмгегине жогорку баасын берди.

-- Сүйөркул ага, учурда кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. Артка бир кылчаялы. Волейбол оюнуна кантип кызыгып калгансыз?

-- 1950-жылы мектепте окуп жүргөн кезимде топко аралаштым. Бир тууган агам Бакыя волейбол оюнуна менден эртерээк аралашып, ошол кезде Кыргызстандын курамында ойноп калды. Байкемдин аркасы менен мен, Сүймөнкул иним, Насыйкат карындашым волейбого келдик. Бакыянын бою анча чоң эмес болгону менен жакшы ойночу. Бир жолу “Чалкан” журналына чыкты, “Бою бир карыш, секиргени миң карыш” деген тема менен. “Наука”, “Искра”, “Буревестник”, “Динамо”  деген командалардын курамында жалаң орус улутундагылар арасына жалгыз кыргыз бала болуп жүрдү. Өзү музыкалык окуу жайда окуп, бош убактысын топ менен өткөрчү. Айылга келе калганда апабыздын кийизин жая салып бизди топту кантип алыш керек, ыкмаларын үйрөтүп, оюнга кызыктырар эле. 

-- Ошол убактарда кимдер менен ойноп калдыңыз?

-- 1958-жылы Фрунзеге келип, дене тарбия иниститутуна өтүп окуп калдым. Кыргызстандын курама командасына кошулуп Кытайга бардык. Орус жигиттерден Степанов, Юрий Ножницын, калгандары бүт кыргыз балдар: мен, Асаналы Курманбеков, Тобокел Мамыров, Карлен Токомбаев, Ойрот Тургумбаев, Мухамет Осмоновдор. Дөлөн Өмүрзаков бизди жетектеп барды. Жаштарын уттук, чоңдорунан утулуп калдык, бир аз ичибиз ооруп, ыза болгонсудук. 

-- Сиздердин командадан кимдер жакшы ойночу эле?

-- Тобокел Мамыров,  Мухамет Осмонов, Ножницын жана Асаналы Курманбековдор жакшы оюн көргөзүштү. Ойротту унутуп бараткан турбаймынбы, бу да мыкты ойноду. 

-- Дене тарбия институттун командасы жок беле?

-- СКИФ деген командабыз бар болчу. Биз Кыргызстандын биринчилигине катышып, үч жолу катары менен чемпион болгонбуз. Ии баса, Кытайга барганда Эркин Акунов да барган. 

-- Эркин ага ал кезде Казакстанга бара элек беле?

-- Жок, бара элек кези. Чогуу окуп калдык. Экинчи курстун аягында Эркинди Казакстанга алып кетишти. 

-- СКИФтин курамында сизден башка кимдер ойношчу?

-- Иван Ситников, Володя Анкудинов, Геннадий Коновалов, Карпов болуп ойноп жүрдүк. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгонго жетиштик. Агезде азыркыдай клубдук команда деген аз эле. Көбүнчө облустан куралып келген командалар арасында мелдеш өтчү. Мындан Ананьево айылынан бойлору узун балдар Ысык-Көл облусунун командасы атынан ойношчу. 

-- Институтту бүткөндөн кийин эмне болду?

-- Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы пединститутка дене тарбия мугалими кылып жөнөтүштү. Эң ириде волейбол аянтын курдум. Мен барганга чейин болбоптур. Ошол кездерде Аманбек Карыпкулов, Тилектеш Ишенкуловдор студенттер экен. Азыр мени Тилектеш көрүп калганда “оо, менин агайым” деп калат. Ал жакта волейбол оюнун жата калып ойногондор табылбады. Анүстүнө бир жарым жылдан кийин борбор калаага кыз-келиндер институтуна которулуп келдим.

-- Сиз иштеген маалда бойлору суналган, оюнга шыктуу, красавица кыздар бар беле?

-- Мени менен бирге Тобокел Мамыров да сабак берип калды. Экөөлөп жанагы сен айткан сулуу, оюнга шыктуу кыздарды издеп көрдүк, таппадык. Сулуулар болду, бирок топко тарта албай койдук. Жалгыз Раиса Мамбеталиева ойноп калды. 

-- Сиз Эркин Акунов агабыздын аялын айтып атасызбы?

-- Ооба, дал өзү. Эркин Казакстанга кеткенче экөө кыз-жигит болуп жүрүшкөн өңдүү. Ар дайым Эркин ойноп аткан жерге келип турчу.

-- Кыргызстандын волейбол курамы Камбоджа өлкөсүнө барганы эсиңиздеби?

-- 1968-жылы болчу. Анда мен айыл чарба институтунда мугалим элем. Эки айга жакын сбордо жаттык. Машыгып дегендей. Агезде чет өлкөгө чыгуу катуу эле. КГБ ар бирибизди текшерип “ит” кылган. Анан Камбоджага Байыш Элебесов, мен, Асаналы Курманбеков, Аскар Турдумамбетовдор жөнөмөк болдук. Үч күн калганда Байыш Элебесовдун ордуна Аскар Жумагуловду кошушту. Машыктыруучубуз Коновалов болду. 

-- Сүймөнкул иниңизди кыстара кетиңиз...

-- Сүймөнкул иним Ленинградда мектеп окуучулар арасында спартакиада оюндарына кыргыз балдардан Койчуман Шыгаев, Иван Синусов, Коновалов, Карпов, дагы эки-үч бала барып ойноп келишкен. Кийин көркөм сүрөт окуу жайында окуп калды. Ошого карабай топ дегенде баарын таштап, мелдештерге катышып турду. Ленинградда окуп калганда облустук курама командада ойноп турду. 

-- Айтсаңыз, кайсы бир учурда Кыргызстандын курама командасын Чоң-Таш айылынын топ чапкычтары утуп алган дешет, ушул чынбы?

-- Чын. Ал мындай болгон. Чоң-Таштан мен, Сүймөнкул, Насыйкат, Бакыя агам жана Асаналы Курманбеков бир команда болу, Кыргызстандын курамындагы топ чапкычтарды утуп алганбыз. “Чоң-Таштагы Чокморовдор” дешип. 

-- Эми азыркы волейбол оюнунун абалы тууралуу кыска кеп кылалы. Абалы кандай?

-- Учурдагы волейболдун көтөрүлүп атканына федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги ат көтөргүс. Мындан да жакшы көтөрүлмө, ал ортодо аны түрмөгө отургузуп коюшпадыбы. Жалпы жонунан федерациянын президенти, анын вице-президенти Жеңиш Кызалаков, баш катчысы Кылычбек Сарбагишевдер мыкты иш алпарып атышат. Аны айтуу керек.    


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер