Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Сагынбаев: “Жол кырсыгынан белимди кокустатып алып, дарыланып жүрдүм”

Каныбек Сагынбаев: “Жол кырсыгынан белимди кокустатып алып, дарыланып жүрдүм”

15-февраль, 19:30
499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бильярд оюну боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевди акыркы кезде көп көрбөй калдык. Эң ириде ден соолугун сурап, таш аткан жагына токтолдук.

-- Каныбек, көптөн бери көрбөй калдык, саламаттыгың жакшыбы? Дагы деле таш атып жүрөсүңбү?

-- Федерацияда элемин. Вице-президенттик иш алып барып атам. Мындан сырткары, жеке өзүм бильярд академиясын ачып, таланттуу балдарды тарбиялап чыгуу аракетиндемин. Учурда шаар мэри Эмил агабыздан академияга ылайыктуу жайды карап, ыңгайлаштырып берүүсүн суранып, ошонун артынан чуркап жүрөм. Себеби, мамлекет каражатын бөлгөндөн кийин имараты жок ижарада жүргөнүбүз туура эмес болуп калат. Ошол эле учурда кээ бирөөлөрдүн жайы бар, бирок акчалары жок. Ал эми биздики бюджетибиз бар, бирок жайыбыз жок. Бул логикага туура келбей жатат. Албетте, Эмил агабыз жардамын аябай турганын айтты. Өзүңөр билгендей, бильярд – спорттун интеллектуалдык түрүнө киргендиктен, бул тармакты да элден калбай өнүктүрүшүбүз абзел.

-- Саламаттыгыңды сурадым эле, ден соолук жакшыбы?

-- Көрүнбөй калганымдын да бир себеби, 3-4 жыл турнирлерге катышпай калдым. Мурун жол кырсыгынан белимди кокустатып алгам. Ошондуктан дарыланып, саламаттыгымды чыңдап жүрдүм. Учурда жаман эмес, Кудайга шүгүр дейли. Азыр  өзүм турнирлерге катышпасам да шакирттерим чыгып, эл аралык мелдештерди багынтып келип атышат.  

-- Жакын арада кайсы мелдештерди өткөрүп, кайсы жактарга даярдык көрүүдөсүңөр?

-- Кыргыз Республикасынын чемпионатын өткөрөбүз. Даярдыктар жакшы. Андан кийин календарлык планга кирген дүйнө мелдештерине кам көрө баштайбыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, бизде беш жолу дүйнө чемпионатын татыктуу түрдө өткөрүп алганбыз. Соңкусу, былтыр Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаровдун колдоосунда болгон. Мындай эл аралык мелдештер Кыргызстандын аброюн жогорулатып турат деген ойдомун. Уучубуз куру эмес, жаштар чыгып келатат!   


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер