Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Султанбекова: “Азия чемпионатын Шавкат Мирзиёевдин кичи мекенинде өткөрүүнү чечтик”

Чолпон Султанбекова: “Азия чемпионатын Шавкат Мирзиёевдин кичи мекенинде өткөрүүнү чечтик”

08-февраль, 09:00
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чолпон Аалыевна, сиз спорт жагына жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканы боюнча көп эле жолу маселе көтөрүп жүрөсүз. Бул багытта кандайдыр бир жылыштар байкалабы?

-- Жылыш бар. Быйыл спорт тармагына бөлүнчү каражаттын өлчөмү төрт эсе көтөрүлүп, анын натыйжасында спортчуларыбыз жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатышат. Жогорку Кеңештин курамында да спортко жакын депутаттар: мурдагы спортчулар, федерациялардын президенттери көбөйдү. Биз, спорт тармагында жүргөн аксакалдар, спорт чеберлери, баарыбыз чогулуп, бюджетти кабыл алып жатканда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолукканбыз. Ал дагы спорт тармагына бөлүнчү каражат миллиард сомго чейин көбөйгөнүн айтты. Азыр спорт департаменти маданият министрлигинин карамагында болуп атпайбы. Биз “өзүнө керектүү мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңешке сунуштай ала турган агенттик болсун” деген сунуш бердик. Балким, быйыл кандайдыр бир жылыштар болобу (?) деген чоң үмүттө турабыз. 

-- Алыш күрөшү боюнча мелдештин мөөнөтү жылып калган учурлар да болду окшойт...

-- Пандемия учурунда гана жылды. Бирок, календарлык планга кирген Азиянын, Европанын, Дүйнөнүн чемпионаттары, Баяман Эркинбаевдин турнири – бүт баары өз мөөнөтүндө өтүп келатат. Биз буга чейин мелдештерди дайыма Бишкек калаасында өткөзүп жүрдүк да. Азыр эми федерациянын жетекчилигине Баямандын уулу келген. Ал “спортчулардын көбү түштүк тарапта болгондуктан, Бишкекке барышы кыйын болуп калат экен” деп мелдештердин көбүн Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапта өткөрүп жатат. Мартта Баямандын турнири өтөт. Май айында болсо Азия чемпионатын Өзбекстанда, Шавкат Мирзиёевдин кичи мекени болгон Жизакта өткөрүүнү чечтик. 20дан ашуун өлкөдөн спортчулар келет. Учурда ошого катуу даярдык көрүп жатабыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер