Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орзубек Назаров: “Мындай позада сүрөткө түшүүнү Мухаммед Али сунуш кылган”

Орзубек Назаров: “Мындай позада сүрөткө түшүүнү Мухаммед Али сунуш кылган”

03-апрель, 22:10
3 975 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    WBA жааты боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кыргыз жергесинде алгачкы чыккан профессионал мушкер, Европанын, Азиянын, СССРдин, Япониянын көп жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Орзубек Назаровду ким билбейт? 

Бул сүрөт 1996-жылы 17-апрелде Япония өлкөсүндө тартылган. Орзубек Назаров ошол учурда япониялык KYOEI Boxing Gym клубунун атынан рингге чыгып жүргөн. Атагы аалам сапырган Мухаммед Али боксчулардын машыгуусуна катышып, жакындан баарлашуу болгон экен. Сүрөткө Орзубек Назаров: “Мухаммед Али Япониянын профессионалдык бокс федерациясынын чакыруусу менен Токиого келген. Али биздин машыгуучу залга келип, спорт тууралуу көп сөз болгон. Ал учурда Али Паркинсон” деген оорусу менен күрөшүп жаткан. Бирок оорусуна карабай ар бир мушкер менен маек куруп, жада калса мен жана Юрий Арбачаков тууралуу көп маалымат билет экен. Ал бизге көп кеңештери менен бөлүшкөн. Али менен маек мен үчүн ырахат болду. Эстеликке сүрөткө түштүк. Мындай позада сүрөткө түшүүнү Мохаммед Али өзү сунуш кылган” деп Орзубек Назаров коментарий берди.

Сүрөттө легендарлуу боксчулар Юрий Арбачаков, Мухаммед Али жана кыргызстандык Орзубек Назаров.
 

Сурат Жылкычиев

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер