Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Изабеков: “Бизде союз кулагандан бери спорттук психологдор жок”

Нурбек Изабеков: “Бизде союз кулагандан бери спорттук психологдор жок”

18-август, 19:29
6 356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Токиодо өткөн олимпиадада ал машыктырган балбан кыздар менен психологдор иштешкенин айтты.

“Башкы машыктыруучу Байгазы Кенжебаев команданы психологиялык коштоп жүрүүгө дагы жоопкер. Ал психологдун ролун дагы аткарат. Мен болсо атайын даярдыкка, килем үстүндөгү ыкмаларга, тактикаларга жана башкаларга жооп берем.

Турнирге даярдоо, турнирге чейинки коштоп жүрүү жана моралдык тарбия – мунун баарын улук машыктыруучу 10 жылдан бери иштеп келе жатат.

“Тыныбекова дүйнө чемпионатында алтын медалды утуп алган кезде Кенжебаев анын жанында болду. Токиодо дагы кыздар менен иш алып барды. Бизде союз кулагандан бери спорттук психологдор жок, мындан улам спортто жүргөн адамдарды иштетип жатабыз. “Кыргызстандын аялдар курама командасы менен психологдор иштешкен жок” деген маалымат туура эмес” деди Изабеков.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер