Акыркы кабарлар
» Коом » Баткенде миңдеген адамдар үйлөрүнө кайта элек
Баткенде миңдеген адамдар үйлөрүнө кайта элек
29-ноябрь, 18:52


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өтүүгө тийиш экени кабарланган.
Чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканына нааразылыгын билдирип келет. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлгөн.
Андан мурдараак кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы тууралуу өкмөттүн дарегине да сын айтылган.