Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылчайнашкан мелдештер тасмалын жыйды, Италия командасы Европа чемпиону болду

Кылчайнашкан мелдештер тасмалын жыйды, Италия командасы Европа чемпиону болду

19-июль, 19:01
3 820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Футбол боюнча Европа чемпионаты аяктады. Италия чемпиондукту багынтты. Не дейли окурман, бүткүл дүйнөлүк пандемия көлөкөдө тон бычкан бойдон калды. УЕФА, андан сырткары, футбол күйөрмандары уруп ойногон жок. Европанын дээрлик 11 стадионунда тайпалык мелдештер жана финалдык мелдештер болуп, чыныгы көрөрмандар стадиондо болгон бугун чыгарууга далбас урду. Албетте, көпчүлүк күйөрмандар “Италия чемпион болот” деп күн мурунтан божомолдошкон.  Анткен менен финалда, Лондон шаарында жайгашкан легендарлуу Уэмбли стадионунда, Англия өз үйүндө ойногонго байланыштуу Италия командасын эки бүктөп коёбу деген ойлор да ара чолодо жаралган. “Күч атасын тааныбайт” деген ушул экен. 


Финалдык мелдеш

90 миң көрүүчү сыя турган Уэмбли стадионуна чак түштө эле күйөрмандар келе баштаган. Кылчайнашкан тирешүү башталган учурда 67 миң адам келгени маалым болду. Мелдештин калысы голландиялык Бьорн Кёрпестин ышкырыгы жаңырып, акыркы үндөрү стадионго тарагыча эле, оюндун биринчи мүнөтү аяктай электе Люк Пол Хор Шоу өнөктөшүнүн дарбаза жакка көкөлөтүп берген тобун жерге тийгизип-тийгизбей сол буту менен гол киргизип кетти. Англичандардын кубанычына чек жок. Стадион бир жарылды. Оюндун экинчи бөлүгү италиялыктардын үстөккө-босток чабуулдарынын натыйжасында 67-мүнөттө италиянын оюнчусу Леонардо Бонуччи оюндун эсеп санын теңеди. Андан кийин эки команда тең ачык футбол көрсөтүүдөн баш тартып, аңдышмай, же тактап айтканда, астейдил, аяр оюн көргөзүп туруп алышты. Аягы барып кошумча эки таймга, андан ары 11 метрлик чектен топ тепмейге өтүштү. Баса, кошумча таймда Англиянын башмашыктыруучусу эки оюнчуну атайын 11 метрлик чектен топ тебүү үчүн командасынын “үйүрүнө” кошкон менен алар ишенимди актабай, Рашфорд менен Саканын дарбазага тепкен топтору торго чулганган эмес. Мына ушу эки оюнчу финалдык таймаштын тагдырын чечти. Жыйынтыгында Италия курама командасы Европа чемпиону болду! Айта кетчү жагдай, эки команданын топ тепкичтери тирешүүдөн кийин ыйлашты, италиялыктар кубанычтары койнуна батпай, сүйүнүшсө, англичандар ызасы башты жарып... Эмне дейли, топ тоголок! Кийинки Еропа чемпионатынан жолукканча!

Бомбардирлер:

Сап башына 5 топ менен Португалиянын жарым коргоочусу, атагы ай асманды жаңырткан Криштиану Роналду болду. Ушул эле оюнчу “Алтын бутсы” сыйлыгына ээ болду. Ушундай эле 5 топ менен Чехиянын чабуулчусу Патрик Шик аталды. 4 топ менен Гарри Кейн (Англия), Ромелу Лукаку (Бельгия), Карим Бензема (Франция) жана Эмил Форсберг (Швеция).


Байге куржуну

Албетте, “футбол боюнча Европа чемпионатында кайсы команда канча байге алды?” деген суроо туулбай койбойт. Расмий маалыматка таянсак, Европа чемпиондугун жеңген команда 10 млн. евро, экинчи орунга 7 млн. евро, үчүнчү орундарга, же тактап айтканда, жарым финалда утулган эки командага 5 млн. евродон тийди. 

Сенсация

Дүйнөнүн даңазалуу футболчусу Криштиану Роналду басма сөз жыйынында алдына коюлган “кока-коланы” жактырбай алып салды эле, “Кока-Кола” компаниясынын акциялары 4 миллиард долларга бир көз ирмемде ылдыйлап кетти. Себеби, “кока-кола өтө зыян, андан көрө суу ичкиле дейт футболчу. Азыр анын Инстаграмында 303 миллион катталуучусу бар. Бир нерсени жарнамалап жөтөлүп же чүчкүрүп койсо эле миллиондор эсебине түшө берген кадыр-баркка ээ. Бирок, анын бул бийиктикке жеткенине ким себепкер болгон – кептин баары ушунда...

Жакында эле берген маегинде: “Эмне үчүн апаңыз дагы деле сиз менен жашайт?

Эмнеге ага өзүнчө үй куруп бербейсиз?” деп сураганда, “апам мага өз өмүрүн арнады. Ал мага тамак берип, өзү ачка жатчу. Себеби, бизде акча деген жок эле. Мени ойносун деп биринчи ботасымды сатып алууга бир жума тынбай иштеген болчу. Түнү дагы бир жерлерди тазалап акча чогултту. Азыр эми баардык ийгиликтерим апама арналат. Көзү барында менин жанымдан чыкпай, колумдан келген сый-урматымды көрүшү керек. Апам менин бакыт төгүп коргой турган сыймыктуу эң чоң белегим!” деген. Атаңгөрү, кеп эмес бекен!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер