Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңылмырза Бакирдин кызы: “Көнүгүүлөр дем алууну жакшыртып, күч-кубат тартуулайт”

Жаңылмырза Бакирдин кызы: “Көнүгүүлөр дем алууну жакшыртып, күч-кубат тартуулайт”

28-июнь, 12:55
7 489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дене тарбия көнүгүүлөрү менен реабилитациялоо врачы, DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү боюнча ой бөлүштү.
 -- Учурда вирус аябай курчуп баратат. Ковидден, пневмониядан сактанууга кандай кеңештериң бар?

-- Сактануунун жолдору белгилүү эле болгондой: адамдар көп топтолгон  жерден алыс болуу, зарылчылыгы жок эч жерге барбай туруу, беткап тагынуу, колду тез-тез жууп туруу же антисептик колдонуу эрежелерин сактаганыбыз оң. Жана да ден соолукту чыңдоо. Толук кандуу тамактануу. Жашылча-жемиш, эт, жумуртка өңдүү тамактарды жеп, жетиштүү уктоо. Күнүмдүк физикалык көнүгүүлөрдү жасоо да организмди чыңдайт.

-- Ковидге кабылып, атайын силердин клиникага кайрылгандар болобу?

-- Биздин клиника (тууралап айтканда, реабилитациялоо борбору) оорудан кийинки калыбына келтирүүгө багытталган. Бизге адамдар курч ооруп жаткан убагы бүткөндөн кийин мурунку жашоо сапатын, күч-кубатын кайрып алуу үчүн кайрылышат.

-- Ковидге кыймылдын, таза абанын таасири тууралуу да ой бөлүшсөң?

-- Ковид – бир гана өпкөнү эмес, бүт организмди жабыркаткандыгына байланыштуу алсыроо, булчуң алсыздыгы, дем алуу күйүгүүсү көп кездешет. Бул абалда жардам берүү үчүн көнүгүүлөрдү аткаруу эң чоң мааниге ээ. Көнүгүүлөр дем алууну жакшыртат, ал-күч кошот жана адамдын мурунку калыбына келишине жардам берет. “Коронавирустан айыккан соң муну жасоо керек же жасаба” деген так көргөзмөлөр азырынча жок. Бирок дүйнө медиктери бир нерсени түшүнүп калдык, бул вирустан айыгып келе жаткан кезде бейтапка кандай кыймыл болбосун өтө маанилүү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер