Акыркы кабарлар
» Коом » Дарыканаларда беткаптар түгөнүп баратат
Дарыканаларда беткаптар түгөнүп баратат
26-февраль, 13:53
401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда эми кытайлыктардан тышкары, башка чет өлкөлүк жарандар дагы 14 күндүк карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Бул тизмеге коронавирус илдети кулачын жайган Иран, Түштүк Корея, Италия жана Япония мамлекеттеринен келгендер кирди.
Ошол эле убакта саламаттык сактоо министрлиги абал көзөмөлдө экендигин билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Ал арада Бишкектеги бир катар дарыканаларда медициналык беткаптардын түгөнүп баратканы байкалууда. Бирок, дары-дармек менен камсыздоо департаменти “азырынча тартыштык жарала элек” деп ишендирет.
Aryba.kg