Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Идиреги күчтүү Нурлан Исмаилов кыргыз спортун алдыга гана жылдырат

Идиреги күчтүү Нурлан Исмаилов кыргыз спортун алдыга гана жылдырат

08-июнь, 20:52
2 849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурланбек Исмаилов жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп төрт жылдык мөөнөткө дайындалды. 

Бул расмий дайындоого абдан кубанып отурам. Нурланды бала чагынан жакшы билем. Эс тартканы абдан зирек чоңойду. Ата-эненин тарбиясын көргөн бала. Элпектигин айтпа. Бир чети тууганым, бир чети кошунам. Жаштайынан спортко ыктап, грек-рим күрөшүнө бет алып, эл аралык спорттун чебери болду. Ал эми күрөш килеминдеги бийик көрсөткүчтөрүн айтып отурсам кагаз бети чак келбес. Учурда иштесе ишке тойбой турган чагы. Кыргыз спортуна ат көтөргүс салым кошуп, алдыга жылдырарын терең ишеним менен айта алам. Өсө турган жигит, ийгилик гана каалайм!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер