Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токсон жылдык торколуу тойдо Элмурза Сатыбалдиевди кимдер алкады?

Токсон жылдык торколуу тойдо Элмурза Сатыбалдиевди кимдер алкады?

20-декабрь, 00:30
2 113 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жума этегинде кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Тарыхы, санжырасы айтылды. Кыргызга аты таанымал белдүү, спортко ынтызар эл өкүлдөрү Үмбөталы Кыдыралиев, Улукбек Ормонов, Аида Касымалиева, Айнура Аскарова, Курманкул Зулушевдер ЖКнын баалуу белеги болгон алтын саатты федерация президентине тапшырды. Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) баш катчысы Саламат Эргешов болсо олимпиаданын ордени менен сыйлады, мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов өзгөчө ардак белгиге ээ болду.  КР волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев  чакан отчетун берип, кыргыз волейболуна салым кошкон ардагерлерге, спортчуларга, коомдук ишмерлерге, талыкпастан чагылдырган спорт журналисттерге баалуу белектерин, юбилелйик медалдарын арнады.  


Элмурза САТЫБАЛДИЕВ:

-- Кыргыз волейболунун юбилейлик 90 жылдыгын белгилеп атып, анын алгачкы тарыхына кайрылбай койбосок болбойт. Алматы менен Фрунзе шаарынын волейбол оюну боюнча курама командалардын жолдоштук беттешүүсү мындан 90 жыл мурун өткөнү биздин тарыхыбыздын башаты деп белгилеп келебиз. Ошол эле 1929-жылы республикалык масштабда өткөн спартакиада оюндарына биринчи жолу спорттун волейбол түрү кирген. Акырындык менен улуттук курам калыптана баштаганы айтылат. 1930-1941-жылдарда завод-фабрика, облустук, райондук масштабда волейбол командалары түзүлүп, оюн акырындап өнүгө баштаган. Согуш жылдарынан кийин 1950-жылдары биздин волейбол оюнуна салым кошкон оюнчулардан Карлен Токомбаев, Мырзали Талипов, Ойрот Тургумбаев, СССР спортунун чебери Эркин Акунов, Алексей Полтарацкий, Сүйөркул, Сүймөнкул Чокморовдорду баса белгилегим келет. 1960-жылдары Беликова, Синусова, Кулаченко, Шумилова, Соколова, Мирошкина ж.б. 1970-жылдары Анкудинов, Гребанов, Долженко, Дендеберов, Ситников, Курманбеков ж.б. 1980-1990-жылдары Марат Сейитказиев, Вячеслав Саралинов, Андрей Ткачев, Бектурсун Касиев, Марат Кошалиев ж.б. Бул оюнчулар, ардагерлердин спортко кошкон салымдары ат көтөргүс. Ыраазычылыгымды билдирип, рахматымды айтам. 

2009-жылы спорт коомчулугу федерация президенттигине  мени көрсөтүштү. Он жыл ичинде бир топ жылыштар болду. Ар жыл сайын эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты үзгүлтүксүз өтүп келүүдө. Баардык жаш курактар боюнча турнирлер байма-бай  жүргүзүлүп турат. Эл аралык мелдештерге катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 150 миңден ашуун адам волейболго жандуу катышып турарын белгилегим келет. 12 жаштан 83 жашка чейин 13 лигада 400дөн ашуун команда бар. Кыргызстандын кайсы гана булуң-бурчу болбосун, баардык жерде волейбол ойнобогон айыл жок. Аялдар арасында  улуттук курамдын командасы Баку шаарында өткөн ислам өлкөлөр тилектештик оюндарында коло жана быйыл Бангладеш мамлекетинде Азия чемпионатынын аймактык мелдешинде коло медалды багынтышты. Ал эми эркектер курамасы чемпион болушту. Бул жетишкендиктер менен чектелип калбайбыз. Алдыда али кыла турган иштер көп. Он жыл ичинде бизди колдогондордун арасында спортсмендер, машыктыруучулар, клубдун президенттери жана топ күйөрмандары болуп келди. Аларга терең ыраазычылык. Учурдан пайдаланып, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловго өзгөчө ыраазычылыгымды билдирет элем. 


Аида КАСЫМАЛИЕВА, вице-спикер:

-- Негизи 90 жыл деген бир кылымга тете жыл. Кыргызга жуккан, кыргызды бириктирген, улуттук спортко айланткан волейбол оюну болду окшойт. Ар бир айылда, ар бир мектепте, жогорку окуу жайда ушул оюн ойнолот. Командалык оюн болгондон кийин кыргыздарга дух бергендиги менен баалуу деп ойлойм. 2019-жылы 35 жаштан жогору ЖОЖдордун айым мугалимдери үчүн бир жыл бою турнирлерди өткөрүп келдик. Федерация баардык жагынан көмөк көрсөтүп, колдоп атты. “Футбол – спорт номер бир” дейт. Учурда футбол менен катарлаш, бир деңгээлде өнүгүп келатат. Күйөрмандарыңар ашып да кетти болсо керек. Жакында кыз-келиндер командасы менен самолетто чогуу учуп келдим. Коло медалды багынткан кыздар абдан кубанып, сүйүнүчтөрү көкүрөктөрүнө батпай аткандарын көрүп, мен да аябай сыймыктанып аттым. 


Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты:

-- Волейбол оюну улуттук оюн болуп эле калды. Биздин Өзгөн районунда ар бир айыл, ар бир мектепте ойношот. Ар жыл сайын райондук деңгээлде 1-2-май күндөрү мелдеш өткөзүп келебиз. Футбол болуп аткан жерге караганда, волейболдо стадионго киши батпай кетет. Волейбол оюну жакшы коюлганын билдирип турат. Элмурза Сатыбалдиев жана анын командасы үзүрлүү иштеп жаткандыгы тууралуу айта берсе сөз түгөнбөйт. Качандыр бир биздин волейболчулар дүйнө чемпионатында ойноп, Кыргызстандын оюнчулары менен сыймыктанып, кол чаап сүрөөнгө алып турарыбызга терең ишенем.


Үмбөталы КЫДЫРАЛИЕВ, ЖК депутаты:

-- 90 жыл – бир четинен абдан чоң мөөнөт, экинчиден, бир кылымга тете убакыт. Бүгүнкү күндө волейбол оюну кулачын жайып өнүгүп атат. Жакынкы аралыкта волейбол футболдон ашып түшөрүнө ишенем. Биздин спорт агенттигинде жүзгө жакын спорттун түрлөрү катталганын билебиз. Анын ичинде волейбол акыркы жылдары башкы тепкичтерге көтөрүлдү. Федерация жакшы иштеп жаткандыгына Элмурза Сатыбалдиевдин салымы чоң, ат көтөргүс. Бирдиктүү иш алпарып, кичинекей балдардан аксакалдарга чейин өтө турган мелдештерди иретке келтирип, өз убагында абдан кызыктуу өткөрүп келет. Волейболду жакшы жолго коюп койду. Жакынкы арада Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү да футбол менен бирге волейбол мелдешине да чыгууну пландап атабыз. Биздин волейболчулар Азиянын аймактык мелдешинде эле эмес, дүйнөлүк масштабда өздөрүн көрсөтө алат деп ойлойм.

Курманкул ЗУЛУШЕВ, ЖК депутаты:

-- Волейбол оюну акыркы он жыл ичинде болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип атканына толук күбөбүз. Анын баары жөн жерден келе калган жок. Элмурза Ракиевич федерация башына келгенден баштап өнүгүп атат. Волейбол улуттук оюнга айланды. Кыргыздын канына сиңген көкбөрү, оодарыштын катарына кирип, ар бир айылда ойнолот. Далил катары борбор шаарыбыздын спорттук аянтчаларына иш-чара өткөрөлү десек, орун таппайбыз. Баардыгы айыл-айыл, жыл-жылга бөлүнүп волейбол ойношот. Бул – волейболдун өсүп-өнгөнүнүн белгиси деп ойлойм. Бул – нагыз Элмурза Ракиевичтин маңдай акы тери. Эмки он жылда да волейбол боюнча дүйнө мелдештерине катышып каларына ишенем. 


Канат АМАНКУЛОВ, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:

--Элмурза Сатыбалдиев менен бир чети он жыл бирге окудук, органда он жыл бирге иштедик, экинчиден, спорттогу досум. Бир кезде кум жээгенде волейбол федерациясын түзүп, кийин Элмурза Ракиевич волейбол федерациясына келгенде кум жээгиндеги волейбол федерациясын ишенимдүү колго өткөзүп бергем. Жашоонун, турмуштун кыйынчылыгына карабастан волейболду өнүктүрүүгө меценаттарды таап, демөөрчүлөрдүн тилин билип, уюштуруучулук жөндөмү менен жаңы-жаңы бийиктиктерди жаратып атты. 2017-жылы спорт агенттик менен бирдиктүү меморандумга кол коюп, волейболго багыттуу иштерди кылып баштадык. Анын жыйынтыктары жаман боло элек. Алдыга жылууну токтотпойбуз. Буга чейин Эркин Акунов менен Сүймөнкул Чокморовдун эскерүү турнирине эл аралык макам берип, кийинки жылдары чет өлкөлүк күчтүү клубдарды чакырууга мүмкүнчүлүк болору сүйлөшүлдү. Элмурза Ракиевичти 90 жылдык кыргыз волейболунун юбилейи менен кызуу куттуктайм! 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

 "Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер