Тойдон кийин болгону эки күн өтпөй, күйөөм башка кызга азгырылды


Жүрөгүмдөгү ооруну сөз менен жеткирүү мага абдан кыйын болуп жатат. Турмушка чыкканыма 4 ай гана болду. Жолдошум экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшы таанып, ишенип баш кошконбуз. Бирок ошол сүйлөшүп жүргөн убакта эле ал мага бир нече жолу көзүмө чөп салганын билип калчумун. Ага карабай, аны өтө катуу сүйгөндүктөн, баарына көз жумдум. “Үйлөнгөндөн кийин өзгөрөт, баары жакшы болуп кетет” деген үмүт менен жашадым.
Тилекке каршы, баары тескерисинче кетти… Тойдон кийин болгону эки күн өтпөй, анын башка кызга жалынып жазышып жатканын көрүп калдым. Ошондо жүрөгүм сынып, бирок дагы бир жолу кечирдим. Ал да “кайталанбайт” деп сөз берди. Бирок бир жума өтпөй эле баягы адатына кайтып, кайрадан башка кыздар менен сүйлөшүп баштады.
Акыркы убактарда ал түнү менен башка бөлмөгө кирип алып, таңкы саат 3-4кө чейин телефон менен алектенип, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп отурчу. Мунун баарын көрүп, ичимден күйүп-бышып, чыдай албай калдым. Акыры, бул үйдөн кетүүнү чечтим.
Ата-энем чет өлкөдө болгондуктан, эч кимге айтпай, жашыруун түрдө чыгып кеттим да, курбумдун үйүнө бардым. Бул кадам мен үчүн өтө оор болду… Бирок ал кайра келип кечирим сурап, “бул жолу баары чын эле өзгөрөт” деп убада берди. Мен дагы бир жолу ишендим…
Ошол учурда, бир жума өтпөй, кош бойлуу экенимди билдим… Менде кандай жашоо болот?
Алия











