Темирлан Султанбеков камалса, саясый жылдызы дагы жанабы?

Коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс, терең мааниде ой-пикир айткан жаштар саналуу гана. Өзгөчө саясый маңызда талкуу жаратып, элдин көзүн ачкан билдирүүлөрү менен Темирлан Султанбековдун кадамына абай салсак, чын эле өзгөчө. Душманды күйүндүрүп, досту сүйүндүрүп турат. Эмесе, соңку желаргыдан учкай кеп салалы.
Акыркы кездерде “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун даңканы катуу чыгып, саясый талаада таасир жарата баштады. Айткан сөздөрү, көтөргөн маселеси орундуу. Эл менен кызматташууну да жолго салып, Алмазбек Атамбаевдин ордун жоктотпой, дасыккан лидердин жүрүшүндөй элес калтырууда. Аз күн мурун Курманбек Бакиевге каршы олуттуу аргументтер менен сүйлөп, көпчүлүктүн жүрөгүн козгой алды. Кан төгүп кеткен мурдагы башчы Кыргызстанга кайтып келүүгө, акталууга жандалбас жасап жатса, Темирлан Султанбеков ыңгайына жараша каршылык көрсөтүп, коңгуроо кагып койду. Дагы көп сөздөр айтыла элек. Бакиевдердин зулумдугу, буюртма өлтүрүүлөрү, 7-апрелде кан төккөндөрү, үй-бүлөсү менен коррупцияга батышканы бара-бара козголсо, элибиздин жараты сыйрылып, муңкануу жаралат го? Чыңалуу...
Ток этерине келсек, жаш саясатчынын таскагы катуулаган сайын төбөсүнө кара булут да айлана баштагандай. Оюндан четтетүү, айласын табуу, керек болсо камап салууга чейин амалдар көрүлөбү? Бул таризде күч органдары тарабынан акылдашуулар башталдыбы? Айтор, көмүскөдөн сыр чыгарышпай, “дүңүрөңдөшүп” эле жатышат. Эгерде Темирлан Султанбеков камалса, саясый жылдызы дагы жанабы?
Каарманыбыздын артында калдайып Алмазбек Атамбаев турганда, ички-тышкы байланыштар чыңдалып баратканда, каражат маселесинен көйгөй болбосо, таскагы катуулайт да. Анан калса, Темирлан Султанбековдун билими, алдыны көрө билген сезгичтиги, коомдук абалга таасир эте турган кыраакылыгы бар. Эрки сынбаса, бала баатыр алыска чуркайт...