Кошоматчы Марлен Маматалиев байлыгына таянып, саясый амбициясы ашынганда


Акчанын күчү менен Марлен Маматалиев 2015-жылы “Республика – Ата Журттан” мандат алып, өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” менен аттанып, аягы кандай бүткөнү баарыбызга маалым... Алгач Өмүрбек Бабановдун этегине эрмешип, андан соң Алмазбек Атамбаевге жагынып, кийин Сооронбай Жээнбековго өтүп кетип, жүз кубулду эй! Октябрь төңкөрүшүнөн бери Садыр Жапаровго чуркап бара калып, тилин таап, бат-баттан жолукканга аракет кылып жүрдү. Президенттик шайлоодо иштеп берди. “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, кызыкчылык, мансап үчүн өлбөгөн жерде калат экен да. Эми шаардык кеңештердин шайлоосуна камданып, команда топтоп, бийликтин “кол баласы” сыңарында чепилдеп чуркап калыптыр. Жаштайында эмнеге мынча кошоматчыга айланып, жанталашат ыя? Бул каяктан байыган? Жер аферасы менен үйүнө миллиондорду жыйып койгону ыраспы? Бул бала боюнча түрдүү соболдор көп экен.
"Азия Ньюс" гезити











