Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматтуу президент, депутат Түлөбаевдин жат аракеттерине бөгөт коюуңузду суранам!

Урматтуу президент, депутат Түлөбаевдин жат аракеттерине бөгөт коюуңузду суранам!

27-июнь, 16:23
788 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке! 

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке!

КР Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине!

Кайрылуу 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!   

Сизге мамлекет башчысы, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили катары кайрылып, көңүлүңүздү бурууга төмөнкү жагдайлар түрткү болууда.                   

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялап, мен дагы катышуу үчүн талапкер катары катталгам.

2024-жылдын 12-июнунда конкурстук тандоо өткөрүлүп, аталган кеңештин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Түлөбаев Балбак Зарлыкович тарабынан менин конституциялык, жарандык укугум тебеленип, адамдык ар-намысыма, беделиме шек келтирилип, моралдык-психологиялык абалыма басым жасалды. Тактап айтканда, конкурстун башталышында эле ал сөз алып: «Сиздей судьяларды, кандидаттарды сот системасына жолотпош керек. Сизге окшогондор сот системасын жек көрүндү, уят кылып, баардыгын ушул акыбалга алып келдиңер. Эгер бүгүн сизди бекитсек, эртең баарыбызды элдер түбүнө чейин жеткирет, “эмнеге кайра алып келип жатасыңар?” дейт. Соттун чечимдерин билбейм, жеке мен эртең элге эмне деп айтам? Президентке эмне деп айтам? Сиз ушу келбей эле койсоңуз болмок да, менин жеке оюмда, сот системасын уят кылбай азыр деле алып койсоңуз болмок. Бул жакка келгенден уялган жоксузбу? Өзүңүз билип эле келбей койсоңуз болмок, азыр да кеч эмес» деп басым жасай баштады. Андан кийин отурумдун добуш берүү этабына жеткенде, мага сынактын алкагында берилген суроолордун дээрлик баардыгына жооп бергендигиме карабастан объективдүүлүктөн тайып «0» деген баллды коюп чыкты.

Депутат Б.Түлөбаев мага карата койгон айыптоосуна келе турган болсок, мындан 11 жыл мурун, 2013-жылы мен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы, төраганын милдетин аткаруучу болуп турган кезимде негизсиз жалган жалаа менен жасалма кылмыш иши козголуп (алдамчылык беренеси боюнча), жыйынтыгында соттук баардык инстанцияларда (райондук, шаардык, Жогорку сот) акталып, ал актылар мыйзамдуу күчүнө кирип, сот тарабынан акталгандыгыма байланыштуу реабилитация укугум таанылып, негизсиз кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду мамлекет тарабынан толук түрдө толтурулуп берилүүсү тийиштиги тууралуу соттук актысы кабыл алынган. 

Белгилүү болгондой, КР Конституциясынын 57, 94-беренелерине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат. Ушул эле Башмыйзамыбыздын 101-беренеси Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери баардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиштигин белгилейт.

Депутат Б.Түлөбаев КР Конституциясы, мыйзамдарынын талаптарын өзү эл өкүлү, мыйзам чыгаруучу болуп туруп көзгө илбей, сыйлабастан кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн, сыртта монитордон конкурстун жүрүшүнө күбө болуп, аны жаздырып аткан бир нече адамдардын алдында мени жасалма кылмыш ишке негиздеп, басмырлап, конституциялык укугумду, адамдык беделимди тебеледи. 

Садыр Нургожоевич! Сиздин эл алдында жасап жүргөн билдирүүлөрдө ар дайым: «Мен башынан баштап эле эч кимдин сот ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө укугум жок, баардыгыбыз соттун чечимине баш ийишибиз керек, аны эч кимибиз сынга алууга укугубуз жок. Сот кандай чечим кабыл алса дагы биз ага макул болууга тийишпиз» деп баса белгилеп жүргөнүңүзгө карабастан, депутат Балбак Түлөбаев 2024-жылдын 12-июнунда конкурстук тандоонун жүрүшүндө жүргүзүп жаткан саясатыңызга да шек келтирип, мага карата кабыл алынган соттук актылар менен эсептешпей турганын, анын өзүнүн жеке түзүлгөн пикири гана баалуулугун көрсөттү. 

Ошондой эле депутат Б.Түлөбаев өзү эл өкүлү болуп туруп, «сизди эгер бүгүн бекитсек, президентке эмне деп айтам?» деп атыңызды жамынып, кеңештин мүчөлөрүнө дагы басым жасап, аракети ал үчүн жемиштүү аяктады. 

Кыргызстанда жалган жалаа менен негизсиз иш козголуп, жыйынтыгында сот тарабынан акталган дээрлик көпчүлүк жарандарыбыздын укуктары мыйзамдуу калыбына келтирилип, алардын өз кызматтарында татыктуу иштеп жаткандыгына элдин баардыгы күбө болуп аткандыгына карабастан, депутат Б.Түлөбаев мен тууралуу айткан пикирине таянсак, жалгыз менин гана акталгандыгым таанылбай, укуктарым, анын ичинде эмгекке жөндөмдүүлүгүмдү пайдалануу, кесибимди, иштин түрүн тандоо, эл сыяктуу конкурска катышуу сыяктуу, басмырланып, куугунтукка алынышым керек экен.

Негизсиз кылмыш иштин козголуп, кээ бир кызыкдар адамдар тарабынан ал нерсе күчөтүлүп, коомчулукка өздөрү каалагандай жайылтылып, мага карата ошол убакта жүргүзүлгөн болбогондой масштабдагы кара пиардын, басымдын, бут тосуулардын кесепетинен акыйкаттуулук, адилеттүүлүк издөөгө 7 жыл убакыт талап кылынып, ал мезгил ичинде болбогондой азап-тозокту көрүп, ден соолугум, моралдык-психологиялык абалым жабыркап, үй-бүлөмө да терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында жашы жете элек, 1,6 жаштан 13 жашка чейинки беш балам менен жалгыз калып, ошондо дагы сынбастан, күнөөмдүн жоктугун, иштин жасалма экендигин далилдөөгө болгон күрөшүмдү улантып, соттун 3 инстанциясын эки жолудан басып өтүп, акталып, реабилитация укугум таанылып, бирок аягы келип КР Жогорку Кеңешинин депутаты, эл өкүлүнүн жасалма ишке негиздеп басмырлап, адамдык абийиримдин жана ар-намысымдын мынчалык тебеленишине жол бергендиги орунсуз деп эсептейм.

Депутат Балбак Түлөбаевдин менин 25 жылга чукул эмгек стажымды (анын ичинде 16 жыл сот системасында), судьялык кызматты аркалоодо иштерди кароонун сапаты боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болуп жүргөндүгүмдү, судьялыкка талап кылынган шарттарга талапкерлигим жооп бергендигинен мага конкурска катышуу мүмкүнчүлүгү берилгендигин бир заматта жокко чыгарып, конкурста башка талапкерлер менен бирдей шартта катышуума тоскоолдук жасап, кеңештин мүчөлөрүнө, мага басым көрсөткөндүгү дагы, анын менин укуктарымды чектөөсү катары кабыл алынууга жатат. 

КР Конституциясынын 23, 29, 42-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын укуктары, ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис, адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт, ар бир адам абийиринин жана ар-намысынын корголушуна жана эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого укуктуу.

Аталган Конституциянын 24, 53-беренелери эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясый же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместигин, басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартарын; ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүүлүгүн белгилеген.

 Ошондой эле, “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, депутат өзүнүн ишинде жалпы таанылган моралдык ченемдерди карманууга, өзүнүн кадыр-баркын сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, өзүнүн ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманууга тийиш. Депутаттык этика кодексинин талаптары боюнча депутат жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого болгон мыйзам тарабынан көрсөтүлгөн баардык чараларды көрүүсү шарт. 

Ал эми “КР сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, аталган кеңештин регламентине (9-глава) ылайык кеңештин мүчөсү кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга милдеттүү.

Ошондой эле жогорудагы регламент (22-глава, 3-п) кеңештин мүчөсү кеңештин отурумдарында билдирүүлөрдү жасоодо сылык-сыпайы болуусун, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз дооматтарды коюп, ар-намысын, беделин кемсинтүүгө жол бербөөсүн милдеттендирет. 

Депутат Б.Түлөбаев өзү мыйзам чыгаруучу болуп туруп, өздөрү кабыл алган мыйзамдарды сыйлабаса, тааныгысы келбесе, аткарбаса, кантип карапайым элден, жарандардан жана башкалардан талап кыла алат? Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекет экендигине карабастан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына баш ийбесе, жарандардын абийирин, укуктарын элдин атын жамынып алып (“Элге эмне деп айтам? Сизди бекитсек, эртең баарыбызды элдер түбүнө чейин жеткирет” деген билдирүүлөрү менен (менин да ошол элге кирет экенимди унутуп) тебелесе жараша береби? Депутат өзүнүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматкердин, депутаттык этикасынын (жүрүм-турумун) талаптарын кармануусу керектиги тууралуу талаптар Б.Түлөбаевге жайылтылбайбы? Анын оюнда же ал депутаттык статусуна жамынып алып, мени басмырлай бергенге, элдин алдында абийиримди тебелей бергенге жол береби?

Мен ошол ар бир адам, жаран үчүн баалуу болгон абийиримди, ар-намысымды коргоо, элдин, коомчулуктун, үй-бүлөмдүн алдында жүзүм жарык болушу үчүн, акыйкаттык, адилеттүүлүк орношу үчүн жасалма козголгон кылмыш иш боюнча актыгымды далилдөөгө оңой эмес 7 жыл жашоомду арнап, аягында эл өкүлүнүн жасалма ишке негиздеп, абийирим, ар-намысымды тебелеп, басмырлалаганы, орду келсе-келбесе дагы сиздин атыңызды жамынып басым жасаганы мыйзамсыз, депутаттык статусуна, моралдык ченемдерге жат аракет катары сиз тарабынан көңүл бурулуп, депутат Балбак Зарлыкович Түлөбаевдин мындай жат аракеттерине бөгөт коюуңузду суранам! 



Г.А.Эркебаева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер