Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров сүрөтүн мамлекеттик имараттарга илбөөгө чакырды

Садыр Жапаров сүрөтүн мамлекеттик имараттарга илбөөгө чакырды

08-февраль, 17:05
1 712 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров өзүнүн портретин мамлекеттик имараттарга, кызматтык иш бөлмөлөрүнө илбөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу 8-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди:

“Президент Садыр Жапаров азыркы тапта өзүн “атуулдардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмгек кыла элекмин” деп эсептейт. Ошондуктан президент бардык мамлекеттик органдарга портретин илбөөнү сунуштап жатат. Портрет илгиси келгендер Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түптөп, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттаган белгилүү инсандардын сүрөтүн илүүнү сунуштайт”.

Январдын аягында президенттин Оштогу резиденциясынын директору Санжарбек Төлөнбаев Садыр Жапаровдун килемге токулган чоң сүрөтүн кабинетине илип алганы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган болчу. Санжарбек Төлөнбаев ал килем Садыр Жапаров абакта жатканда эле колго согулганын айтып, жооп берген эле.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер