Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоого катышууга белсенген партиялардын саны 10го жетти, эми элүүгө чамалайбы?

Парламенттик шайлоого катышууга белсенген партиялардын саны 10го жетти, эми элүүгө чамалайбы?

02-сентябрь, 11:42
1 333 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясый партиялардын саны 10го жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.

БШКга кайрылган 10 партиянын тизмеси:

  • "Социал-демократтар";
  • "Улуттар биримдиги";
  • "Ишеним";
  • "Альянс";
  • Кыргызстандын "жашылдар" партиясы;
  • "Жаратман эл";
  • "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";
  • "Ата Мекен";
  • "Ыйман нуру";
  • "Элдин үмүтү социалдык-саясый партиясы".

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясый бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер