Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илимбек Исраилов: “Соцжелелер аркылуу кыргыз саясатын оңго-солго калчаса болот”

Илимбек Исраилов: “Соцжелелер аркылуу кыргыз саясатын оңго-солго калчаса болот”

23-январь, 13:25
2 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Интернет айдыңдын өзгөчөлүктөрү, таасири жана акыбети боюнча саясый блогер Илимбек мырза ой бөлүштү.

-- Учурда Ютубдун, Тик Токтун саясатка таасири кандай?

-- Таасири чоң. Бир эле Ютуб, Тик Ток эмес, бүткүл Кыргызстан аймагындагы соцжелелер: Фейсбук, Инстаграм жана башкалардын саясатка таасири күчөдү. Бүгүнкү күндө ошол соцжелелер аркылуу эле кыргыз саясатын оңго-солго калчап койсо болот. Учурда ошондой доор өкүм сүрүп жатат.

-- Эки чоң шайлоону баштан өткөрдүк. Шайлоодо жакшы каражат тапкан ютибер, тиктокчулар болдубу?

-- Жогоруда белгилегендей, саясатчылар соцжелелер менен эсептешип калган заманда, албетте, жакшы гонорар алган ютиберлер жок эмес. 

-- Ютубга кызыккандарга, иштейм дегендерге кандай кеңешиң бар?

-- Менин кеңешим: калыстык, адилеттүүлүктү сакташ керек. Учурда жаңылык жана саясат контенттери аябай чоң аудиторияга ээ. Ютуб – бул видеохостинг, ар бир кызыккан жаран өзүнө жаккан видеоролик тартып, ийгилик жаратса болот. Башка иштердей эле мээнеттенсең, анын ийгилигинин даамын татасың. 

-- Өзүңдүн чыгармачылыгың кандай башталган?

-- 2013-жылы Одноклассникиден Кумтөр окуялары боюнча Садыр Нургожоевичтин сүйлөгөндөрүн бөлүшүп жатып, абдан көп катталуучу топтогонго жетишкем. Калыстык үчүн ачык эле айтам, Ютубдан да жакшы рейтинге ээ болдум.  Муну танбайм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер