Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибраим Нуракун уулу: “Журналист саясый күчтөрдүн куралына айланбашы зарыл”

Ибраим Нуракун уулу: “Журналист саясый күчтөрдүн куралына айланбашы зарыл”

16-январь, 22:46
1 252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы кезде ар бир экинчи адам репортер, блогер болуп калгандай. Эгер бул жагын эсепке алсак, баардык эле адамдар журналист боло алабы? Жеке сиздин көз карашыңыз кандай, бул тармактагы адам катары өзгөчөлүгүңүз эмнеде?

-- “Ар бир эле экинчи адам журналист болот дегенге мен кошулбайм. Ооба, маалымат таркатуучу, социалдык тармактын активдүү колдонуучусу болушу ыктымал. Бирок, журналист болуу бул өтө чеберчиликти талап кылат. Биринчи кезекте журналист сабаттуу жазыш керек. Журналистиканын эрежелерин билип, аны сакташы абзел. Жанрларын өздөштүрүп, коомчулукту артынан ээрчиткенди билиши да шарт. Ошону менен катар берген маалыматы үчүн бийик жоопкерчилик бар экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Мындай деңгээлге блогер же соцтармактын активдүү колдонуучусу болгон адам жете албайт. Ал үчүн сөзсүз түрдө даярдык керек. 

-- Чыныгы журналисттин үлгүсү катары кимди көрөсүз? Сизден күчтүү жана ийгиликтүү кесиптешиңизге көз артып, ичиңиз тарыган учурлар болду беле?

-- Чыныгы журналистиканын үлгүсүн көрсөткөндөр абдан көп. Биздегилердин баары сабатсыз болуп кетти дей албайм. Улуу муундагы журналисттер бар. Аты чыгып аткан жаш, иликтөөчү журналисттер коомго өзгөчө салым кошуп келишет. Алар универсал болуп баратышат... Мен өзүмдөн ийгиликтүү журналисттерди көргөндө сүйүнөм. Менден мыкты, идеяга бай журналисттер көп. Тескерисинче, аларды көрүп үйрөнөм, изденем. Эгер күчтүүлөр болбосо, кимге карап түздөнмөк элем? 

-- Сиз өзүңүздү Би-Би-Сиде, же парламенттин пресс-кызматында иштеген учурда эркин сезчүсүзбү? Айырмачылыктарына токтоло кетсеңиз?

-- Эки тараптын функциясы эки башка. Дүйнөлүк деңгээлдеги медиада иштеп, алардын эрежелерин, ыкмаларын, технологиясын үйрөндүм. Би-Би-Си эркиндик менен бирге сөздүн жоопкерчилигин, маалыматтын тактыгын, калыстыктын маанилүүлүгүн үйрөттү. Ал эми парламенттин басма сөз кызматын жетектеп турганда деле калыс журналистиканын позициясын сактанга аракет кылдым. 

-- Журналисттердин кайсы бир саясатчынын жактоочусу (айрыкча соцтармактардагы фейк аккаунттар) катары иштегенине кандай көз караштасыз?

-- Меним оюмча, журналист саясый күчтөрдүн куралына айланып калбашы керек. Эгер ал андай жолду тандай турган болсо, анда ал журналист эмес, пиар-технолог катары эле калып калат. Журналист катары таанылып, эл ишенимине жетем десе, анда ал көз карандысыз, бейтарап, калыс болушу зарыл. Жадагалса, өзү кызмат кылган жерде да калыстыктан тайбашы шарт. Ошондо гана коомдун ишенимине ээ болот.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер