Ташов өзүн мактатуу үчүн астролог Драганга 20 миң доллар бергенби?

Кыз сымалындай чоюлган Имамидин Ташов деңгээли жетпесе да президенттик шайлоого аттанып алды. Жарытылуу жерде иштеген эмес. “Kg групп” компаниясы менен үйлөрдү салып жүрүп, чала бүтүрүп, аягында жашоочулардын нааразычылыгын жаратканы ырас. Популизмдин айынан желек илгени, айрым маркумдарга пиар үчүн үйлөрдү бергени да сынга кабылып келчү. Учурда шайлоонун үгүт иштеринде өзүн көрсөтө албай, каражатын аяп, көчтүн артында калды. Баса, бүйүр кызыткан жагдай: Ташов буга чейин россиялык астролог Светлана Драганга 20 миң доллар бердирип ийип, өзүн жоктон табылган лидердей мактатканы чынбы? Бул суроого жооп бере алабы?.. Аныгында, эл башкара турган адам терең билими менен саясатта каныгып, көп жылдар бою тажрыйба алып, анан гана деңгээлин көпчүлүк алдынан сынатат эмеспи. А бул кургур тек гана атын чыгаруу үчүн жандалбастап жүрөт.
"Азия Ньюс" гезити