Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Көпчүлүк “Кыргыз Республикасы” деген аталышты туура көрүп турат”

Кадыр Кошалиев: “Көпчүлүк “Кыргыз Республикасы” деген аталышты туура көрүп турат”

27-ноябрь, 20:50
1 635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башмыйзамды талкуулаган конституциялык кеңешме уланып жаткан учур. Ал кеңешменин мүчөсү, бир топ сунуштарды көтөрүп чыккан Кадыр Кошалиев менен баарлаштык.

-- Россия Федерациясында “марий эл” деген   эл бар. Алар өздөрүн жоготуп алуудан коркуп, өздөрүн ошондой атап жүргөндөй. Биз эгемендүү Кыргыз Республикасыбыз. “Кыргыз Эл Республикасы” деп атоонун кандай кажети бар?

-- Мен эл ичинде айтылып жүргөн сунуштарды жеткирдим. Сунуштар айтыла берет. Кыргызстандын аталышы боюнча көп ойлор айтылды. Кыргыз Республикасы каганат, дөөлөт, кыргыз элинин теңдиги ж.б. Сунуш катары оюбузду айттык. Бул сунуш көпчүлүктүн колдоосу менен гана чечилет. Азыр ачык бойдон турат. Көпчүлүк “Кыргыз Республикасы” деген аталышты эле туура көрүп турат. Эгер көпчүлүк макул болсо, мен колдойм. Бул жерде эч кандай эрөөн-терөөн карама-каршылыкты көрө алган жокмун.

 -- Көк асаба болмок болуп, бир түн ичинде эле кызыл туулуу болуп чыктык. Туудагы түндүктү убагында “күнкарама” деп жүрдүк. Эми өрттөнгөндөй көрүнгөн түндүктүн айынан балким биз да жакшы падышаларга туш келбей жаткандырбыз?..

-- Кыргызстандын туусу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Талкуу болсо өз оюмду айтам. Конституциялык кеңешме негизинен мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка болгон бир кадам алдыга жылуу. Ачык талкуу болуп жатат. Албетте, кемчиликтер, талкуулай турган маселелер абдан көп. Чек коюлган жок. Кызуу талкуулар жүрүп жатат. Кудай буюрса, бир пикирге келип, жакшы Констиуция кабыл алсак, биздин өнүгүүбүзгө өбөлгө болот деген пикирдемин. Эч нерсе болбой жатып эле “өзгөрүлбөйт, буга тийбегиле” деген дагы туура эмес. Баардык кызыкдар тараптын өкүлдөрү, ошол эле мезгилде “Конституция өзгөрбөсүн” деген тарап дагы катышсын.

Илимпоздордун көбү катышып жатканы да жакшы. Себеби, баардык нерсени илимге таяп чечишибиз керек деген ойдомун.

-- “Өл-кө, мамиле-кет” деген сөздөрүбүз бар.  Бул сөздөргө оңдоо киргизип, дөөлөт деген сыяктуу сөздөргө алмаштырсак кандай болот?    

-- Муунга бөлүп алып, “начар сөздөр” деп белгилей берүү да бир жактуу. Элибиз бул сөздөрдү төл сөз катары кабыл алып, активдүү колдонууда. Негизи, дөөлөт, каганат сыякутуу сөздөр айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө “Кыргыз Республикасы” деген сөздү калтыруу оң болуп турат. Талкуунун жүрүшүндө көпчүлүк ушул аталышты туура көрүшүүдө. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер