Акыркы кабарлар
» Саясат » Марлен Маматалиев, мандатыңды качан тапшырасың? Эл күтүп атат, кет!
Марлен Маматалиев, мандатыңды качан тапшырасың? Эл күтүп атат, кет!
08-апрель, 19:46

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев оозун куу чөп менен аарчып, актанганын көрсөң, эрксизден баш чайкайсың. Өзүнүн айтымы боюнча Райымбек Матраимовдон алыс эле адам экен. Кызык. Анда эмнеге 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого барды? Жанталашып жүргөнүн билебиз да. Дайыма кошомат кылып, муфтияттын имараты ачылса, катардан калышпай кыпчылып жүргөнүчү? Көрүнөө да, көмүскө да жерден жагынууга далалат жасаганын тана береби? Тагдырдын сыноосу болуп, учурда Райымбек Матраимов камалып отурат. Мындай шартта Марлен Маматалиев жылуу сөз, колдоо пикирин айтып койбой, жүз буруп кеткени кандай? Өтө коркунучтуу адам бекен? Камчыбек Ташиев ушундай ойт бермелерден абайлаш керек. Келечекке карай тазалануу чындап жүрсө, анда маселе Райым мырзада эмес, саткынчылардын үйүр тобунан арылуу абзел! Эмесе, Марлан Маматалиев, мандатыңды качан тапшырасың? Убакыт келди! Эл күтүп атат, кет! "Азия Ньюс" гезити











