Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уран Рыскулов: “Бабановду “саай” беришип, арка-белин сындырып коюшкан”

Уран Рыскулов: “Бабановду “саай” беришип, арка-белин сындырып коюшкан”

16-ноябрь, 12:36
946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Уран мырза, эки кишинин башы бириксе эле “Бабанов менен Садыр Жапаров биригиптир. Бири президент, бири премьер-министр болот экен” деген божомолдорду айта башташты. Бул божомол чын болуп калышы мүмкүнбү?

-- Мүмкүн. Анткени, Бабановдун артында Россияга окшогон чоң державалар турат. Балким, ошондой максаты болгон үчүн президенттик шайлоого катышпай, “Садыр Жапаровду колдоп чыгам” дегендир.  

-- Бирок, маселе ал ойлогондой чечилбей калса, артка кетенчиктебей,  аягына чейин Садыр Жапаров үчүн туруп бере алабы?

-- Азыр Өмүрбек Бабанов Садыр Жапаровду колдогонго аргасыз. Колдобой эле көрсүнчү, сазайын беришип, мурда козголгон кылмыш иштери менен кылтакка илишет. Бирок, анда жигиттик сапат, жүрөк, позиция деген жок. Ошондуктан, аягына чейин туруп берерине кепилдик кыла албайбыз. Себеби, президенттик шайлоодон кийин шайлоочуларынын укугун коргой албай качып кеткенин элдин баары билет. Ал өз ыңгайына карап, бүгүн бирди, эртең бирди сүйлөй берет. Кандай жагдай жаралса да байлыгын сактап калуунун айласын издейт. Тагыраагы, анын колунда 1,5 млрд. доллары бар. Бабанов жүз миллионердин сап башында. Ошончо каражатын жоготуп албоо үчүн жан үрөйт, келген бийликтин шартына, ыгына көнөт. Буга чейин Бабановду “саай” беришип, арка-белин сындырып коюшкан. Азыр ал пластилин сыяктуу болуп, каякка ийсең ийиле бере турган абалда болуп калган да. Ошон үчүн амбициясын жыйыштырып, Садыр Жапаровду колдоого аргасыз болуп жаткандай.

-- Бирок, эл арасында “Бабанов бир нерсени көздөп жатат, ошон үчүн бийлик менен ымалага келди” деген да сөздөр айтылып, эмнегедир андан кооптонуп жатышат го?

-- Туура, аны жакшы билгендер “бийликке жөн эле жакындаган жок” деп айтып  жатышат. Анткени, ал Жерүй алтын кенин мамлекетке таптакыр пайдасы тийбей тургандай кылып, досторуна мыйзамсыз алып берип койгон. Ал ошол кенди жаптырып салбасын деген максатта Садыр Жапаровго жакындап, ишенимине кирип, кенге башкаларды ээлик кылдырбай, досторунун кызыкчылыгын коргогонго жанталашып жатышы да мүмкүн...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер