Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Бийликтеги достор кандай идеяны кармашары белгисиз”

Турат Акимов: “Бийликтеги достор кандай идеяны кармашары белгисиз”

01-ноябрь, 19:24
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеште будуң-чаң. Мына ушул жагдайдан пайдаланып, өлкөнүн премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “эски дос эстен кетпейт...” сыңары жанында жүргөн (канчалык ишенимдүү) досторун бийликтин жогорку бутагына секин-секин (бул сөздү унутпашыбыз керек) алып келе баштады. Эми эмне болот? Суроо көп. Саясат талдоочу Турат Акимов бир аз чечмелегенсиди.

-- Турат мырза, бийликтин жогорку бутактарына премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров досторун апкеле баштады. Камчыбек Ташиев УКМК башчысы, Талант Мамытовду “чуть” жерден ЖКнын спикери (мүмкүн болуп калышы да толук ыктымал) кылып ийе жаздады. Ал эми бир кезде Садыр Жапаровду актаган Курманкул Зулушевди башкы прокуратурага жетекчи кылды. Эмнени байкап атасың?

-- Эми жакшынакай эле, “достор бийликке келди” десек болот. Кыргызстан жаңы саясый формация жаратты “досакратия” деген. Бул достор баягы камакта чогуу отурушуп, ынтымакка келишип, кадимки эле Ленин, Дзержинскийлердей камактан чыгып, анан саясый көз караштары бекемделип, саясый жеңиштерге жетип атат деп ойлойм. 

-- Ушул достор аябай ысык мамиледе болушуп, акыры чырлашып, ажырашып кетишпейби?

-- Садыр Жапаров кийин Сталин болуп кетпесе, баары эле аман-соо жүрүшсө керек. Мага 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясынын алдындагы алгачкы кадамдарга окшошуп турат. Кандайдыр бир параллелдер бар. Баары камакта жүрүштү, отуруп чыгышты, саясый көз караштары абдан курчуду. Чогуу, бирге жүргөндөн кийин, куугунтукта болушту. Балким Карл Маркстын китептерин же Лениндин, Энгельстин эмгектериндеги “Теория классовый борьбы” дегенди окудубу дейм да. 

-- Бийликти Садыр Жапаров жана анын достору гана ээлеп калбайбы?

-- Булар кандай саясый форматты жаратарын билбейм. Ленин, Дзержинскийлердин ою – социализм, анан коммунизм болгон. А биздин достор кандай идеяны карманат, айтыш кыйын, азырынча “досакратия” деп койсок болот.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер