Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Жолдубаева: “Сапар Исаковдун кайда экени белгисиз. Санаа тартып жатабыз”

Кундуз Жолдубаева: “Сапар Исаковдун кайда экени белгисиз. Санаа тартып жатабыз”

25-октябрь, 01:58
2 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төңкөрүштөн соң Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта кандай бааланууда? Мындан ары мамлекет катары аброюбузду көтөрө алабызбы?

-- Азыркы бийликти бир дагы чет өлкө расмий тааный элек. Дүйнөлүк басылмалар “Кыргызстанда убактылуу бийлик орноду” деп жазып жатышат. Ооба, Садыр Жапаров эл шайлаган президент эмес, ал өткөөл мезгилде жөн гана өлкө башчынын милдетин аткаруучу. Анысы аз келгенсип, азыркы бийликти “криминал менен байланышы бар” деп чочулап, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Орусия каржылык жардам көрсөтүүнү токтотту. Башка мамлекеттер деле көмөк көрсөтүүгө анчейин кызыкдар эместей. Мыйзам бузулбай, адам укуктары сакталып, эл аралык келишимдерди аткарып, коррупция менен чыныгы күрөштү жүргүзүп, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону ачык, таза өткөргөндө гана аброюбузду көтөрө алабыз. Болбосо, Кыргызстан туруксуз өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылып отурат. 

-- Учурдагы кадр саясатына карата сын-пикирлер курчуп баратат. Баягы эскилер, кошоматчылар, о.э. “кол ийрисине тарткан” тажрыйбасыз адамдар тартылып атабы? Же кырдаалга жараша профессионал кадрларды тандоого мүмкүнчүлүк болбой калдыбы?

-- Дал ушул кадрдык саясат мурдагы президенттердин түбүнө жеткен. Куда-сөөк, дос, ака-үкаларды, тааныш-билиштерди коюп жатышып, өздөрүнө өздөрү өкүм чыгарышкан (!) десек болот. Бүгүн да баягы эле таз кейпибизге түштүк. “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей эле болуп калды. “Таза, жаш жүздөр келсин” деген ураанды эстеп да койгон киши жок. Жөн гана сөз түрүндө айтылган чакырык жана убада бойдон калды. Өкүнүчтүү... Люстрация менен реставрацияны алмаштырып алгандай эле болуп калды. Бу да болсо чоң көрсөткүч. Кайрадан мамлекеттик кызматтарга эски кадрлардын келиши коомчулукта сын-пикирлерди жаратып жатат. Бул президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жана анын айланасындагыларга коңгуроо. Бийлик атаандаштыктан коркпошу керек. Команда күчтүү, өз позициясы бар адамдардан турса, ийгилик болот. Жээнбековдун бийлигинин катасы мына ошондо болгон, жалаң чабал кадрларды топтоп алып, акыры кыйрады. Профессионалдарды тартууга, албетте, мүмкүнчүлүк бар. Кырдаалды эске алып, тескерисинче, баардыгын тазалаш керек эле. Эмне үчүн эл толкуду? Ошол “чимкирик” саясатчылардын кесепетинен жаны кашайып эшикке чыгып, элдин кызыкчылыгын 2000 сомго теңеп койгон Жээнбеков кланын ээрден оодарып түштү. Бирок элдин жеңишин бир саясый топ жалгыз өзүнө энчилеп алды. А эл мүдөөсү ошол бойдон көз жаздымда калды. Мунун арты эмне менен бүтөрүн унутушпаса. Ошол эле мурдагы президенттердин тагдырын эстеп, бийликти узурпациялоодон коркушпайбы?.. 

-- Жаңы бийлик көчө мыкчыгерлеринин күчүнөн сырткары пиар-идеологиялык, аналитикалык табылгаларга таянса, балким караңгыдан жол тапкандай чыракты күйгүзөт беле?..

-- Азыркы бийлик “күч менен баарын чечсе болот экен” деген түшүнүктү идея кылып алгандай туюлуп жатат, чынын айтканда. Ар бир кадам терең ойлонулуп, акыл калчап чечилиши абзел. Ооба, Садыр Жапаровдун коомдо аброюнун өсүшүнө соцтармактардагы жеңил пиар өбөлгө түздү. Улуттук-патриоттук идеологиянын негизинде өзүнө күч топтоду да. Анан кыргызым негизи жароокер келет эмеспи, башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн саясый туткунду бир заматта элдик баатырдай көтөрүштү. Эми ошол ишенимди кармап калуу оңой иш эмес. Улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иш алып баруу шарт. Ал үчүн сөзсүз олуттуу стратегия керек. Чечкиндүү кадамдар ташталып, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасап, системанын реформасын ишке ашыруу кажет. Анан ошол ишти элге туура жеткирүүдө пиар-стратегия болуусу зарыл. Бирок, жеңил пиардан алыс болуш керек. Ал убактылуу гана жемишин берип, кайра тескери таасирин бериши болуп турган эле иш. 

-- Мындан ары парламенттик, президенттик шайлоолор бар. Туруктуулукту камсыздап, саясый чоң иш-чараларды өткөрүүгө кудуретибиз жетеби?

-- Шайлоолорду өткөрүүгө милдеттүүбүз. Андан качып кутула албайбыз. Бирок кеп башкада. Эгерде туура эмес кадрдык саясат уланып, 5-октябрдан кийин коюлган талаптар аткарылбаса, таза шайлоонун ийгиликтүү өтүшүндө күмөн бар. Ошол эле “форма-2”, шайлоо босогосун 7 пайыздан ылдыйлатуу, үч партия – “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларынын күнөөсүн аныктап, таймаштан четтетүү (!) деген сыяктуу кадамдарга барбасак, кайра эле өткөн шайлоодогу маселелер жаралат. Анда эл кайра толкуп, туруктуулукту сактоо кыйын болот. 

-- Учурда Алмазбек Атамбаев баш болуп, командасынан дагы кимдер камакта кармалышууда? Алардын бүгүнкү саясатка көз караштары, дегеле акыбалдары кандай?

-- Экс-президент менен катар абакта президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, жансакчылары Дамир Мусакеев жанан Канат Сагымбаевдер. Дамир Мусакеевдин иши боюнча кассациялык арыз 7-октябрда эле тапшырылган. Бирок дагы да иш Жогорку сотто карала элек. Бул көрүнүш көп нерседен кабар берет. Эмне үчүн ошол эле Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдордун иши чагылгандай тез каралып чыгып, акталышты да, Мусакеевдин иши ордунан жылбай турат? Мыйзам баардыгына бирдей иштеш керек эле. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдерди 9-октябрь күнү “массалык башаламандыкты уюштурду” деп камакка алышты. Анда эмнеге ошол эле аянтта чагым уюштурган башка адамдарды кармашпайт? Жадагалса ок атылып, экс-президентке кол салуу аракети болгон. Ошол аткан кишинин тасмасы интернетке жайылды. Кана, аны издеп тапканга күч органдары аракет кылып жатабы? Ал күнү аянтта башка партиянын дагы өкүлдөрү болгон. Алар тынч жүрмөк тургай, мамлекеттик кызматтарга барышты. 5-6-октябрдагы массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип “Социал-демократ» партиясынан жаш талапкер Темирлан Султанбековду гана камашып, кайра үй камагына бошотушту. Ошол эле иш боюнча генерал Курсан Асанов дагы абакта. Ал күнү башка да партиялардын лидерлери аянтта жүргөн. Бүтүндөй эл толкуган. Анан эле келип, бийликке ыңгайсыз адамдар куугунтук көрүшүүдө. Садыр Жапаровдун сөзү иши менен коошпой жатат. (Ажонун сөзү эки болбош керек. Мына, Сооронбай Жээнбеков эки сүйлөп жатып, акыры бийликтен айрылды). “Саясый куугунтук болбойт” деген убада кана? Калыс, баардыгына бирдей мамиле болуш керек мыйзам чегинде. Ошондо гана бийлик элдин ишенимине татыйт. 

-- Сапар Исаков менен Албек Ибраимов көтөрүлүштү ийгиликтүү пайдаланышты окшойт. Кайда качып кетишкен? 

-- Алардын кай жерде экендиги жадагалса жакын туугандарына да белгисиз. Биз Сапар Исаковдун коопсуздугуна санаа тартып жатабыз. Анын кабары 10-октябрдан бери белгисиз. “Жанында эч кандай документтер дагы жок болчу” деп жатат жубайы. Амандыгын гана тилеп турабыз. Башка күчтөрдүн (“каралардын”) колуна түшүп калбагай эле....

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот процесстери көңүлдөн сырт калып калгандай. Келечектеги саясый кырдаалга баш оору жаратышы ыктымалбы? Мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчиликтери каралабы?..

-- Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши толугу менен ойдон чыгарылып, Жээнбековдун бийлигинин саясый заказы болгон. Оор жана өтө оор беренелер менен айыптар коюлуп, тергөөнү бир тараптуу жүргүзүшкөн. Анысы аз келгенсип, соттук териштирүүнү жабык кылып коюшкан. Эмнеге? Анткени коомчулукка чындыкты жеткирбөө амалдарын кылышкан. Ошол эле атайын операцияга мыйзамсыз буйрук берген адамдардын жоопкерчилиги каралган эмес. УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев парламенттин трибунасынан: “Атайын операциянын беш варианты бар болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков менен макулдашылып, ушул вариант тандалган” деп айткан. Анда Сооронбай Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Бирок, азыр ага экс-президент макамын берип, кол тийбес кылып коюшту. Ошол эле иш ордун таштап качып жүргөн Опумбаевдин жоопкерчилиги каралабы? Кашкар Жунушалиев качып кетип кутулабы? Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, Жээнбековдордун заказынын башкы аткаруучусу Эркебек Аширходжаевди болсо министрдин орун басары кылып дайындап коюшту. Кой-Таш боюнча соттук отурумда атайын операциянын кыйрашы үчүн жоопкерчиликти каза болгон Үсөнбек Ниязбековго түртө салуу аракети болуп жатат. Анын өлүмүнүн чыныгы жагдайларын иликтеп чыгууга кызыкдар эместиги көрүнүп эле калды. Биринчи аны “Калашников” автоматынан ок жеп көз жумду” дешип, адам кармашты. Бир аз убакыттан кийин экспертизанын бүтүмүн каалагандай чыгарып, Алмазбек Атамбаевге илип жатышат. Мындан башка толгон-токой жагдайлар бар. “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыптоо акылга сыйбаган нерсе. Атамбаев Кой-Ташта отуруп алып, кантип бийликти басып алууга аракет кылыптыр? Башка беренелер менен дагы айыптар ошондой эле. Кыскасы, бул иш толугу менен кайра тергелип чыгышы керек. 

-- Парламенттик шайлоого катышууга ниетиң барбы?

-- Чынын айтсам, акыркы саясый окуялардан кийин шайлоого катышмак тургай, “Кыргызстандан кетип эле калыш керек экен” деген ой келди. Мындай көз караш менде гана эмес, башка көптөгөн ой жүгүртө алган жаштарда, кесипкөй адистерде да пайда болду. Албетте, бул өкүнүчтүү. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун эң башкы миссиясы – келе жаткан шайлоону таза өткөрүүгө өбөлгө түзүү. Ошону менен тарыхта калат. Таза, жаңы жүздөрдүн бийликке келишине мүмкүнчүлүк берүүсү кажет. Антпесе, кайра эле баягы акчалуу шылуундар шайланып келип, Үмүтбекке окшогон жаш балдардын өмүрүн садага чаап, Кыргызстанды каалагандай калчай беришет. Жаштар азыр бир муштум болуп түйүлүп, өлкөнүн келечегин колго алуусу абзел! 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер