Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбай Бакир уулу: “Конституцияны элдин талабына алып келели”

Турсунбай Бакир уулу: “Конституцияны элдин талабына алып келели”

18-октябрь, 21:19
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбай ажы, Садыр Жапаровдун премьер-министр болгону легитимдүүбү?

-- Жапаров Садыр инимдин соттон акталып, түрмөдөн бошотулуп жана легитимдүү (мыйзамдуу) премьер-министр болгону мен жана биздин ЭрК партиябыз үчүн эң жакшы кабар болду! Мыктыбек Абдылдаев да убактылуу Жогорку Кеңештин спикери болуп, кыйчалыш абалда өзүнүн милдетин так аткарды. Учурда Садыр Нуркожоевич легитимдүү. Ошол эле кезде ыйгарым укуктарын сактап турган Сооронбай Жээнбеков да легитимдүү президент болуп турганын юридикалык жактан түшүндүрүп кетели. Конституция жана мыйзам боюнча ал кызматын тапшырмайын эч ким өзүн президент же президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялай албайт.

-- Садыр Жапаров ишти эмнеден баштоосу керек?

-- Элибиз 30 жылдан бери эңсеген жана рахматулло алейхи шейх Чубак ажы насаатында айткандай, эл ишенген инсандарды гана жаңы өкмөткө тартышса жана Садыр эл алдында айткандай, Конституцияны эл талап кылып жүргөн калыбына алып келип, парламенттик шайлоону бир мандаттуу округдан (мажоритардуу система) өткөрүп, чыныгы эл өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңешти калыптап жана элдин кызматында боло турган системаны түзүп, мекенибизди алдыңкы, цивилизациялуу өлкөлөрдүн катарына кошушубузду Аллахым насип этсин! Бул сөздөр көз карандысыз Кыргызстандын тунгуч саясый партиясынын – ЭрК (Эркин Кыргызстан) партиясынын идеологиясына дал келет. 1991-1995-жылдары программабызда белгилеген максаттарыбыз так ушундай болчу!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер